Жоон-Арык капчыгайы: нускалардын айырмасы

Википедия дан
+ link
 
(Айырма жок)

14 январь 2018, саат 19:36 учурдагы соңку нуска

Жоон-Арык капчыгайыИчки Теңир-Тоодогу антецеденттик капчыгай. Үкөк жана Баба Ата тоолорун кесип, меридиан багытында 45 кмге созулуп жатат. Кочкор районунун аймагында. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 1900–2100 м, туурасы 200–300 м. Капталдары бийик (300–800 м), тик (45–65°). Капчыгай аркылуу Чүй дарыясынын башы – Жоон-Арык суусу агат. Капчыгай палеозойдун сланецтери менен кумдуктарынан түзүлгөн. Түндүгү кууш, зоокалуу, гранит теги жер бетине чыгып жатат, түштүгү кенен, таманы кашаттуу. Кээ бир жери – кууш шаңшаар. Капчыгайга бетеге, шыбактуу жарым чөл жана кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүн Нарын облусу менен байланыштыруучу автомобиль жолу өтөт. Ошол эле жолдун тарамдары Кочкор өрөөнүн Кара-Кужур, Төлөк өрөөндөрү менен байланыштырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1