Jump to content

"Айзек Азимов" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

түзөтүү корутундусу жок
No edit summary
No edit summary
[[File:Isaac.Asimov01.jpg|Айзек Азимов|300px|right]]
'''Азимов Айзек''' (1920, Петровичи, Смоленск губерниясы, азыркы Смоленск облусу - 6. 4. 1992, [[Нью-Йорк]]) - амеркалык жазуучу-фантаст, биохимик, илимди жайылтуучу. [[Колумбия Университети|Колумбия университетин]] бүткөн (1939), [[Бостон Университети|Бостон университетинде]] сабак берген. 500гө жакын чыгармалардын автору. Биринчи романы - «Асмандагы кичинекей таш» (1950). Ага «Негиз» үчилтиги (1966) атак-даңк алып келген. «Болот үңкүрлөр» романы (1957) илимий-фантастикалык детектив жанрынын үлгүсү болгон. Чыгармаларында адам менен машинанын өз ара мамилелеринин моралдык проблемалары анализденет. АКШда табият таануунун, тарыхтын, техниканын проблемалары жөнүндөгү, ар түрдүү энциклопедиялардын, анын ичинде Библия жана Шекспир боюнча китептердин автору катары белгилүү. Илимий фантастикалык жана илимий-популярдуу дээрлик бардык чыгармалары 1960-жылдын ортосунан орус тилине которулган. Хүго и Небула сыйлыктарынын көп жолку ээси. Анын чыгармаларында колдонулган — robotics (роботехника, роботика), positronic (позитрондук), psychohistory (психотарых, кишилердин чоң топторунун жүрүм-туруму тууралуу илим) терминдери англис ж-а башка тилдерге туруктуу кирген. Англо-америкалык адабий чөйрөдө Айзек Азимов Артур Кларк жана Роберт Хайлайн менен бирге "Үч чоң" фантаст-жазуучулардын бири катары таанылат.
 
== Негизги сылыктары ==
 
=== [[Хүго сыйлыгы]] ===
* [[1963]] - илимий-популярдуу макалалары үчүн;
* [[1966]] - «[["Негиз" романдар сериясы]]» үчүн («Бардык убактардын эң мыкты илимий-популярдуу сериясы»)
* [[1973]] - «[[Өздөрү Кудай]]» романы үчүн
* [[1977]] - «[[Эки жүз жаштагы киши]] повести үчүн»
* [[1983]] - «[["Негиз" романдар сериясы|"Негиз" романдар сериясына]]» кирген "Негиздин жери" романы үчүн
* [[1992]] -"Алтын" повести үчүн
* [[1995]] «А. Азимов: Мемуарлар» [[Автобиография|автобиографиясы]] үчүн
 
=== [[Небула]] сыйлыгы ===
* [[1972]] «[[Өздөрү Кудай]] романы үчүн»
* [[1977]] «[[Эки жүз жаштагы киши]] повести үчүн»
 
=== [[Локус журналынын сыйлыгы]] ===
* 1973 – «[[Өздөрү Кудай]]» романы үчүн
* [[1983]] - «[["Негиз" романдар сериясы|"Негиз" романдар сериясына]]» кирген "Негиздин жери" романы үчүн
* 1987 – "Роботтун кыялы" повести
 
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
* ОрусАнглис Википедиясынын А. Азимов тууралуу макаласымакаласынан
 
 
13 412

edits