Луанда: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м + cat
88-сап: 88-сап:
{{Африканын борбор шаарлары}}
{{Африканын борбор шаарлары}}


[[Category:Африканын борбор шаарлары]]
[[Категория:Африканын борбор шаарлары]]
[[Категория:Ангола]]
[[Category:Африка]]
[[Category:География]]

6 февраль 2018, саат 16:17 учурдагы нуска

Луанда
шаар
Луанда
Өлкө Ангола
Population (2007)
 • Total 4 799 432
Time zone GMT

ЛуандаАнгола Республикасынын борбору. Атлантика океанына Кванза дарыясы куйган жерде жайгашкан порточо Луанда провинциясынын административдик борбору. Калкы 2,9 млн (2009). Калкынын саны боюнча Анголадагы эң ири шаар. Эл аралык аэропорту бар. 17-кылымдан 19-кылымга чейин кул соодалоонун ири борбору болуп келген (португалиялыктар 3 млнго жакын негр кулдарды сатышкан). 1974-ж. көз каранды эместикке ээ болуп, 1992- жылдан Ангола Республикасынын борбору. Луанда өлкөнүн саясий, маданий жана финансы өнөр жайынын ири борбору. Нефть ажыратуу, тамак-аш, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музыка академиясы, китепканалар, музейлер (анын ичинде Ангола, Дунду) бар. Луанда португалиялык колониячылар тарабынан 1575-ж. Сан-Паулу-ди-Луанда деген ат менен негиздеген. 1975-жылдан Луанда аталат. Сан-Мигел сепили (учурда тарых музейи), 17-кылымга таандык форттор, иезуит чиркөөсү (16-к.), храм (1638-ж. чен) сакталган.