Difference between revisions of "Полимерлер"

Jump to navigation Jump to search
wikidata + links + Файл
(Automated import of articles)
 
(wikidata + links + Файл)
 
[[Файл:SEMexample.jpg|thumb|Полимер.]]
'''Полимерлер''' ([[Грек тили|гр.]] Polymeres – көп бөлүктөрдөн турган, көп түрдүү) – [[Макромолекула|макромолекулалары&nbsp]]; n санда кайталануучу [[Мономерлер|мономердик]] калдыктар тизмегинен турган ири мол., массалуу (бир нече миңден млнго чейин) [[химия|химимялык]]   бирикмелер. Макромол. кирүүчү атом же атомдор топтору бири-бири менен негизги же координациялык валенттик күчтөр менен байланышкан. П. табигый (белоктор, нуклеин к-талары, табигый чайырлар) жана синтездик ([[полиэтилен]], [[полипропилен]], фенол-формальдегид чайырлары жана башка) болуп бөлүнөт. П. макромолекулалары  мономердин бирдей калдыктарынын тизмегинен турса, гомополимерлер мисалы, [[поливинилхлорид]], поликапроамид, полибутадиен, целлюлоза жана башка, ал эми түрдүү мономерлер калдыгынын тизмегинен турса, сополимерлер, мисалы, бутадиен-стирол каучугу, стирол-дивинил деп аталат. Алар негизги полимердик чынжыр тизмегинин курамына жараша гомотизмектүү (бирдей атомдон турган) жана гетеротизмектүү (түрдүү элемент атомунан турган) болуп бөлүнөт. Гомотизмектүү П. карботизмектүү П. көп таралган. Макромол-да углеводороддук топ менен бирге [[органика|органикалык]]  эмес элементтер атомдору да болсо, анда алар элемент[[органика| органикалык]]  П. деп аталат. П. касиеттери алардын [[химия|химимялык]]   курамы, мол. массасы, тармакталуу дражасы, макромол-нын ийилгичтиги ж.б. негизги мүнөздөмөлөрүнө байланыштуу. Табигый П. түрдүү организм клеткаларындагы биосинтез процессинде пайда болот. Синтездик П. полимерлешүү жана поликонденсация реакциялары менен алынат. П. механикалык бышыктыгы, ийилгичтиги, электр өткөрбөөчү жана башка баалуу касиеттерине байланыштуу ө. ж-дын түрдүү тармактарында жана үй-тиричилигинде кеңири колдонулат.
== Дагы караңыз ==
* [[Полимерлөө]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
 
[[Категория: Химия]]
25,680

edits

Навигация менюсу