Жалаак: нускалардын айырмасы

Википедия дан
No edit summary
м Chaoborus moved page Жалаак , to Жалаак
(Айырма жок)

23 июнь 2018, саат 15:21 учурдагы нуска

Жалаак, лизуха, аллотриофагия (лат. lambitus) – малдын даам сезиминин бузулушу. Уй, кой, эчки, чочко, тоок, чанда жылкы жана башка айбанаттар ылаңдайт. Жалаак денеде минерал зат, анын ичинде натрийдин жегич туздары, микроэлемент, витамин, амин кислотасы жетишпегенде пайда болот. Остеомаляция, итий, өнөкөт гастрит, гастроэнтерит, боор ылаңдарында, кутурмада байкалат. Жалаак менен мал көбүнчө жазында ылаңдайт. Айрым жерлерде жалаак топуракта минерал заттардын жетишсиздигинен болот. Ылаң создугуп өтөт, мал көрүнгөн нерсени жалап, чайнайт, жейт, жем жебейт. Арыктап, териси кургайт, кунардуулугу төмөндөйт, ылаң ашынып кетсе өлөт.

Колдонулган адабияттар

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1