Minecraft: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
9-сап: 9-сап:
| платформалар = [[Microsoft Windows]]<br>[[macOS]]<br>[[Linux]]
| платформалар = [[Microsoft Windows]]<br>[[macOS]]<br>[[Linux]]
| чыгарылган_күнү = 18-ноябрь 2011
| чыгарылган_күнү = 18-ноябрь 2011
| жанр = кум аянты, тирүү калуу
| жанр = кум аянты, аман калуу
| режимдер = бир оюнчу, көп оюнчу
| режимдер = бир оюнчу, көп оюнчу
}}
}}

28 июнь 2018, саат 11:04 учурдагы нуска

Minecraft
Иштеп чыгуучу Mojang
Басып чыгаруучу Mojang
Microsoft Studios
Sony Computer Entertainment
Дизайнери Маркус Перссон
Йенс Бергенстен
Сүрөтчү Маркус Тойвонен
Композитору C418
Платформалар Microsoft Windows
macOS
Linux
Чыгарылган күнү 18-ноябрь 2011
Жанрлары кум аянты, аман калуу
Режимдери бир оюнчу, көп оюнчу

Minecraftшвециялык оюн дизайнери Маркус "Нотч" Перссон тарабынан жасалган кум аянты видео оюну. Оюн кийинчерээк Mojang тарабынан толугу менен иштелип чыккан. Minecraft'тын креативдик жана курулуш аспектилери оюнчуларга 3D жол-жоболору менен иштелип чыккан дүйнөдө кубдардын жардамы менен курулуштарды салууга мүмкүнчүлүк берет. Оюндагы башка иш-аракеттерге изилдөө, ресурстарды топтоо, колдо жасоо жана күрөшүү кирет. Көп оюнчуга негизделген тактика жеткиликтүү. Аман калуу режиминде оюнчу дүйнө куруп, ден соолугун кармап туруш үчүн ресурстарды топтойт. Ал эми креативдик режимде оюнчулар куруу үчүн чексиз ресурстарга жана учуу жөндөмүнө ээ. Ошондой эле укмуштуу окуя режиминде оюнчулар башка оюнчулар тарабынан жасалган карталарда ойной алышат. Көрүүчү режиминде оюнчулар тосмолордун айланасында учуп, секирип өтө алышат, бирок алардын ордун басып же буза албайт. Оюндун PC версиясы моддолгон сценасы менен көңүлгө алынган. Анда жан дили менен берилген коомчулук жаңы оюн тактикаларын, заттарды жана оюн үчүн активдерди жаратышат.

Minecraft сынчылардын мактоосун алып, көптөгөн сыйлыктарга жана наамдарга ээ болгон. 2017-жылдын февраль айына карата, бардык платформаларда 121 миллиондон ашуун нускада сатылып, Tetris'тин ар кандай версияларынан артта калуу менен гана тарыхтагы эң көп сатылган видео оюндардын экинчи сабынан орун алган. 2014-жылдын сентябрь айында Microsoft Mojang'дын жана Minecraft'тын интеллектуалдык мүлкүн 2.5 млрд АКШ долларына сатып алуу боюнча келишим түзүлгөнүн жар салган. Сатып алуу эки айдан кийин ишке ашкан.

Тарыхы

Шилтемелер