Туз (химия): нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Туздар''' — металл атомунан жана к-та калдыгынан турган татаал заттар, химиялык бирикмелер чоң..."
(Айырма жок)

9 июль 2018, саат 17:23 учурдагы нуска

Туздар — металл атомунан жана к-та калдыгынан турган татаал заттар, химиялык бирикмелер чоң классы. Кадимки шартта түрдүү түстөгү кристаллдар. Аларга иондук структура мүнөздүү. Көпчүлүк Т. уюлдуу эриткичтерде, өзгөчө сууда жакшы эрийт. Т. эритмелеринде оң (катион) жана терс заряддуу (анион) иондорго ажырайт. Т. орто, негиздик, кычкыл ошондой эле кош, аралаш, комплекстик Т. болуп бөлүнүшөт. Т. кислоталар менен негиздер, кислоталар же туз менен металл өз ара аракеттенишкенде пайда болот. Туз к-тасы туздары – хлорид, күкүрт к-сыныкы – сульфаттар, азот к-тасыныкы – нитраттар деп аталат. Жаратылышта деңиз сууларында, деңиз булуңдарында, акпаган көлдөрдө чогулат. Т. тамак-аш ө. ж-да, медицинада, кээси минералдык жер семирткич катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар