Максым: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
15-сап: 15-сап:
Максым даамдуу болсун десеңиз, алгач унду [[тоң май]]га кызарта кууруп алууну унутпаңыз.
Максым даамдуу болсун десеңиз, алгач унду [[тоң май]]га кызарта кууруп алууну унутпаңыз.


==Колдонулган адабияттар==

Маалымат булагы: '''Южный Вестник''' гезити.
*Южный Вестник гезити


[[Категория:Кыргыз ашканасы]]
[[Категория:Кыргыз ашканасы]]

11 июль 2018, саат 16:31 учурдагы нуска

Максымачытылган жарма суусундугу. Максым талкандан жасалат. Болгону, анын кайсы дандан жасалышына жараша арпа, буудай, жүгөрү максымы деген түрлөргө бөлүнөт. Максымды эки жол менен да жасоого болот.

Керектелүүчү азыктар:

Суу – 4-6 литр, талкан – 200-300 грамм, көрөңгө - 200-250 грамм, тоң май – 1 аш кашык, ун – бир аш кашык, татымына жараша туз.

Максым ачытуунун 1-жолу:

Тоң май кошулуп кайнап жаткан сууга үзгүлтүксүз чубуртуп бөлтөк болбогондой кылып талканды саласыз. 25-30 мүнөт жай отто бир калыпта кайнатып, андан соң отту өчүрүп, табы кайткыча коюп коесуз. Жылуурак кезинде көрөңгө куюп, унду чаласыз. Максым бөлмө температурасында 8-10 саатта ачып калат. Мезгил-мезгили менен чалып турсаңыз да болот. Ачыганга чейин максымга ак (сүт, айран, сүзмө) кошуп койсо, көбүрүп жакшы ачыйт. Максымдын түбүндө калган коюусун кийинкиге калтырып туруу керек. Ал көрөңгө болот.

Максым ачытуунун 2-жолу:

Тоң майды эритип, ысыган мезгилде ага талканды кууруп, чуурута муздак сууну куюп 20-25 мүнөт кайнатасыз. Калган иш-аракеттин жүрүшү жогоруда айтылгандай эле уланат. Куурулган талкандан максым даамдуу, ичкиликтүү келээрин эсиңизге сала кетейин.

Максым даамдуу болсун десеңиз, алгач унду тоң майга кызарта кууруп алууну унутпаңыз.

Колдонулган адабияттар

  • Южный Вестник гезити