Брэд Питт: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап: 1-сап:
{{Кинематографчы
{{Кинематографчы
|ысымы = Бред Питт
|ысымы = Брэд Питт
|нукура ысымы = Brad Pitt
|нукура ысымы = Brad Pitt
|сүрөт = Brad Pitt Fury 2014.jpg
|сүрөт = Brad Pitt Fury 2014.jpg
|туурасы = 235px
|туурасы = 235px
|сүрөттүн баяндамасы = <small>Бред Питт 2014 жылы </small>
|сүрөттүн баяндамасы = <small>Брэд Питт 2014 жылы </small>
|төрөлгөндөгү ысымы = Уильям Брэдли Питт
|төрөлгөндөгү ысымы = Уильям Брэдли Питт
|туулган датасы = 18.12.1963
|туулган датасы = 18.12.1963

17 июль 2018, саат 16:37 учурдагы нуска

Брэд Питт
Brad Pitt

Брэд Питт 2014 жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Уильям Брэдли Питт

Туулган датасы:

18 -декабрь 1963(1963-12-18) (60 жаш)

Туулган жери:

Шауни, Оклахома, АКШ

Жарандыгы:

 АКШ

Кесиби:

актёр, кинопродюсер

Карьерасы:

1987 - азыркы учурда

Сыйлыктары:

«Оскар» (2014)
«Алтын глобус» (1996)
BAFTA (2014)

IMDb:

ID 0000093

Уильям Брэдли Питт "Брэд" Питт (англ. William Bradley Pitt; 1963-жылы 18-декабрда туулган) - америкалык актер жана продюсер. Ал көптөгөн сыйлыктардын жана номинациялардын ээси, анын ичинде "Оскар" сыйлыгын өзүнүн Plan B Entertainment кино компаниясындагы продюсерлиги үчүн алган

Б. Питт алгачкы жолу "Тельма и Луиза" (англ. Thelma & Louise (1991) тасмасында жолдогу жүргүнчүлөрдү сала кетүүчү ковбой айдоочунун ролу аркылуу таанылган. Анын башкы ролдору "Дарыя аккан жерде" (англ. A River Runs Through It, 1992) and "Күз жомоктору" (англ. Legends of the Fall, 1994), "Вампир менен маек" (англ. Interview with the Vampire, 1994)деген жакшы каржыланган тасмаларда болду. Анын "Жети" (англ. Seven, 1995) жана "12 Маймыл" (англ.12 Monkeys, 1995) тасмалардагы ролдору коомчулук тарабынан кызуу кабыл алынган. Актерго "12 Маймыл" (англ.12 Monkeys, 1995) тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актер" номинациясында "Алтын глобус" сыйлыгы ыйгарылган жана "Оскар" сыйлыгына талапкер болгон. Б. Питт культтук тасмалардын бири болгон "Мушташ клубу" (англ. Fight Club, 1999) тасмасыне, "Оушендин он бир досу" (англ. Ocean's Eleven, 2001) криминалдык тасмасына жана анын уландылары "Оушендин он эки досу" (англ. Ocean's Twelve, 2004) жана "Оушендин он үч досу" (Ocean's Thirteen, 2007) тасмаларине тартылган. Анын эң кирешелүү тасмаларына "Троя" (англ. Troy, 2004), "Мырза жана айым (жубай) Смиттер" (англ. Mr. & Mrs. Smith, 2005), ошондой эле "Z Дүйнөсүнүн согуштары" (World War Z, 2013) тасмалари кирет. Б. Питт "Оскар" сыйлыгынын номинацияларына экинчи жана үчүнчү жолу "Бенжамин Баттондун табышмактуу окуясы" (англ. The Curious Case of Benjamin Button, 2008) жана "Баарын өзгөрткөн адам" (англ. Moneyball, 2011) тасмаларындагы башкы ролдору үчүн көрсөтүлгөн. Ал "Чегингендер" (англ. The Departed, 2006) жана "Кулчулуктун 12 жылы" (англ.12 Years a Slave, 2013) тасмаларында продюсер болгон. Бул тасманын экөө тең "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты фильм" номинацияларына ээ болгон жана Tree of Life Awards сыйлыгынын "Эң мыкты тасма" номинацияларын "Баарын өзгөрткөн адам" (англ. Moneyball, 2011) жана ""Чоң кыскартуу (тасма)" (The Big Short, 2015) тасмалары уткан.

Коомдук ишмер катары таанылган Б.Питт-америкалык оюн-зоок тармагындагы абдан таасирдүү адамдардын бири катары белгилүү, ошондой эле ар кандай медиа каражаттары тарабынан "Дүйнөнүн эң сексуалдуу эркеги" популярдуу наам берилип келген. Беш жыл бирге өмүр сүргөн Женнифер Энистон менен ажырашкандан соң, 2014-жылдан бери актриса Анжелина Жоли менен жашап келген болчу. Алардын алты баласы бар эле, алардын үчөөсүн дүйнөнүн ар кайсы жеринен багып алышкан. 2016-жылы сентябрда А.Жоли Б. Питт менен расмий ажырашууга арыз беришкен.

Өмүр таржымалы

Жеке жашоосу

Тартылган тасмалары

Шилтемелер