Поль Сезанн: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Automated import of articles
 
 
(Айырма жок)

18 июль 2018, саат 09:52 учурдагы соңку нуска

Сезанн, Поль (1839, Эксан-Прованс – 1906, ошол эле жер) – француз живописчиси, постимпрессионизмдин көрүнүктүү өкүлү. Экстеги сүрөт мектебинде (1858–62) жана Париждеги Сюис академиясында (1861–65) окуган. Алгачкы чыгармаларында П. Веронезе, Я. Тинторетто, Э. Делакруа, О. Домьенин таасири байкалат. 1880-жылдардын аягында импрессионизм принциптери менен келишпөөчүлүгү башталат. С-ды атм-радагы түс катнаштарынын закон ченеми, жаратылыштагы нерселердин туруктуулугу кызыктырат. Көрүнүктүү чыгармалары: Л. Гийомдун портрети (1879-82, Улуттук галерея, Вашингтон), “Пьеро жана Арлекин” (1888, Москва, А. С. Пушкин атындагы сүрөт өнөр музейи), “Сент-Виктуар тоосу” (1900, Эрмитаж, Ленинград) жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]