"Людвиг-Максимилиан Мюнхен университети" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

Jump to navigation Jump to search
+ links
(+ Sigillum_Universitatis_Ludovico-Maximilianeae.svg)
(+ links)
 
Мюнхен Университети Германиядагы эң байыркы жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат. Алгач 1472-жылы [[Ингольштадт|Ингольштадда]] Бавария-Ландсхуту Людвиг IX тарабынан негизделген. Ал эми 1800-жылы Ингольштадда француздар тарабынан коркутуулар болгондо, Бавариянын падышасы Максимилиан I университетти Ландсхутка көчүргөн. 1826-жылы Бавариянын падышасы Людвиг I тарабынан азыркы Мюнхенге кайра көчүрүлгөн. 1802-жылы Бавариянын падышасы жана биринчи негиздөөчүсү Максимилиан I урматына арналып, Людвиг-Максимилиан университети деп официалдуу түрдө белгиленген.
 
Мюнхен университети, айрыкча 19-кылымдан баштап, Германиядагы гана эмес, Европа боюнча эң кадыр-барктуу жогорку окуу жайларынын бири. Анда 36 Нобель сыйлыгынын лауреаттары университет менен байланышкан, жана ошондой эле Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын саны боюнча дүйнөдө 17-орунда турат. Алардын арасында [[Вильгельм Рентген]], [[Макс Планк]], [[Вернер Гейзенберг]], Отто Хан жана [[Манн Томас|Томас Манн]]. Рим папасы Бенедикт XVI университетте студент жана профессору болгон. Университетке (ЛМУ) жакында эле Немис ЖОЖдор инициативасы тарабынан "элиталык университет" деген наам ыйгарылды.
 
== Тарыхы ==
25 681

edits

Навигация менюсу