Граф Монте-Кристо: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
12-сап: 12-сап:
== Шилтемелер ==
== Шилтемелер ==


[[Категория:Адабиятчылар‎]]
[[Категория:Франция адабияты‎]]
[[Категория:Китептер]]
[[Категория:Китептер]]
[[Категория:1845-жыл]]
[[Категория:1845-жыл]]

6 октябрь 2018, саат 13:29 учурдагы нуска

Монте-Кристо.

"Граф Монте-Кристо" (фр. Le Comte de Monte-Cristo) - 1844-жылы толугу менен жазылып бүткөн француз жазуучусу Александр Дүманын кызыктуу окуялуу романы. Жазуучунун "Үч мушкетер" (фр. Les Trois Mousquetaires) романы менен бирге эң популярдуу чыгармаларынын бири болуп саналат. Жазуучунун башка чыгармаларындай эле, "Граф Монте-Кристо" романы жардамчысы Огүст Маке сунуш кылган сюжеттеринден жаралган.

Романдын окуясы Франция, Италия жана Жер ортолук деңизинде жайгашкан аралдарда, 1815-1839-жылдар арасындагы окуялар учурунда, Францияны Луи-Филипп жетектеген кезде, Бурбондордун калыбына келүү доорунда орун алган. Ал "Жүз күн" деп аталган тарыхый окуялардын (куугунтуктоодон кийин Наполеондун бийликке кайтып келүүсү) астында башталат. Окуянын тарыхый орун алуусу романдын пайдубалын түзөт, "Граф Монте-Кристо" негизинен үмүт, адилеттик, өч алуу, кайрымдуулук жана кечиримдүулүк темаларын чагылдырат. Романдын негизги каарманы - бейукук камакка алынган адам, ал түрмөдөн качкандан соң байлыкты топтоп, аны камакка киргизген кишилерди издеп алардан өч алат. Анын планы айыпсыздарга да, күнөөлүлөргө да начар кесепеттерди алып келет. Бул китеп рыцардык романдын, ишенимдүүлүктүн, чыккынчылыктын, өч алуунун, өзүмчүлдүктүн жана акыйкаттыктын романы болуп саналат.

Учурда бул роман классикалык чыгарма деп саналат. Лүк Санте бул чыгарма жөнүндө мындай деп айткан: ""Граф Монте-Кристо" "Микки Маус" (англ. Mickey Mouse), "Нух пайгамбардын кемеси" (англ. Noah's flood) жана "Кызыл шапкачан кыз" (англ. Little Red Riding Hood) чыгармалары сыяктуу эле таанылуучу жана кутулгус батыш адабиятынын үлгүлүү бир чыгармасы".

Сюжети

Каармандары

Шилтемелер