Алик Мамыркулов: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Бот: автоматизированный импорт статей
 
(Айырма жок)

29 январь 2019, саат 18:09 учурдагы нуска

Мамыркулов Алик Бейшенович (10. 4. 1956-жылы туулган, Ош шаары) – милициянын генерал-майору (2003). Алматы жогорку жалпы командалык окуу жайын (1977), Москвадагы М. В. Фрунзе атындагы аскер академиясын (1992) бүтүргөн. 1977–81-жылдары Орто Азия, 1981–92-жылдары Түркстан аскер округдарында взвод, рота, батальон командири, штаб башчысы, 1992–97-жылдары Казакстан Республикалык гвардиясында бөлүм начальниги, штаб башчысы- командирдин 1-орун басары, 1997–98-жылдары Кыргыз Республикасынын ИИМде бөлүм начальниги, аскер кызматы жана күжүрмөн даярдык боюнча командачынын орун басары-начальниги, 1999–2002-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде чек ара кызматы, чек ара коргоо башкы башкармалыктарында начальниктин орун басары, штаб начальниги – начальниктин 1-орун басары, начальниги, 2002–03-жылдары Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабында министрдин 1-орун басары-начальниги, 2004–09-жылдары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин башкы инспектору, 2011-жылдан Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратында бөлүмдүн инспектору. Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар