Омар Хайям: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап: 1-сап:

'''Омар Хайям''' Гиясаддин Абу-ль-Фатх ибн Ибрахим (1048-ж. чен, Нишапур – 1122-жылдан кийин, ошол эле жер) – фарси жана тажик акыны, математик, философ. <br>
[[Файл:Omar Khayyam2.JPG|thumb|Омар Хаййям (1048-1131)]]


'''Омар Хайям''' (Омор Хаййам), Гиясаддин Абу-л-Фатх ибн Ибрахим (1048-ж. чен, Нишапур – 1131, ошол эле жер) – фарсы акыны, математик, философ, ойчул. <br>


==Кыскача өмүр таржымакалы==
==Кыскача өмүр таржымакалы==
54-сап: 58-сап:
==Интернеттеги шилтемелер==
==Интернеттеги шилтемелер==


====ыргыз тилине которулган чыгармалары: ===
===Кыргыз тилине которулган чыгармалары: ===


* https://www.azattyk.org/a/poetry_rubaiyat_omar_khayyam_wine_paradise/27624699.html
* https://www.azattyk.org/a/poetry_rubaiyat_omar_khayyam_wine_paradise/27624699.html
* [http://www.bizdin.kg/ru/%D0%BA%D0%BD%D0%B8%D0%B3%D0%B8/item/233-%D0%BA%D0%B0%D0%B1%D1%83%D1%81%D0%BD%D0%B0%D0%BC%D0%B5 "Кабуснаме"]
* [http://www.bizdin.kg/ru/%D0%BA%D0%BD%D0%B8%D0%B3%D0%B8/item/233-%D0%BA%D0%B0%D0%B1%D1%83%D1%81%D0%BD%D0%B0%D0%BC%D0%B5 "Кабуснаме"]
* [http://www.bizdin.kg/ru/%D0%BA%D0%BD%D0%B8%D0%B3%D0%B8/%D0%BF%D0%B5%D1%80%D0%B5%D0%B2%D0%B5%D0%B4%D0%B5%D0%BD%D0%BD%D0%B0%D1%8F-%D0%BB%D0%B8%D1%82%D0%B5%D1%80%D0%B0%D1%82%D1%83%D1%80%D0%B0/item/154-%D1%80%D1%83%D0%B1%D0%B0%D0%B8%D0%BB%D0%B5%D1%80 "Рубаилер"]
* [http://www.bizdin.kg/ru/%D0%BA%D0%BD%D0%B8%D0%B3%D0%B8/%D0%BF%D0%B5%D1%80%D0%B5%D0%B2%D0%B5%D0%B4%D0%B5%D0%BD%D0%BD%D0%B0%D1%8F-%D0%BB%D0%B8%D1%82%D0%B5%D1%80%D0%B0%D1%82%D1%83%D1%80%D0%B0/item/154-%D1%80%D1%83%D0%B1%D0%B0%D0%B8%D0%BB%D0%B5%D1%80 "Рубаилер"]

===Башка маалыматтар: ===





10 март 2019, саат 10:29 учурдагы нуска

Омар Хаййям (1048-1131)


Омар Хайям (Омор Хаййам), Гиясаддин Абу-л-Фатх ибн Ибрахим (1048-ж. чен, Нишапур – 1131, ошол эле жер) – фарсы акыны, математик, философ, ойчул.

Кыскача өмүр таржымакалы

Омар Хайямдын өмүрүнүн көбү Борбордук Азия жана Иран аймактарындагы Балх, Самарканд, Исфахан ж. б. шаарларда өткөн.

Философияда Аристотель менен Ибн Синанын жолун жолдогон. Математика боюнча Омар Хайямдын бизге жеткен эмгектери аны улуу окумуштуу катары мүнөздөйт.

Математикалык трактатында теңдемелердин чыгарылышын 3-даражасына чейинки геом. формада системага салган. «Евклид китебинин татаал жоболоруна түшүндүрмө» аттуу трактатынын мазмунун параллелдер жөнүндөгү оригиналдуу теория түзөт.

Омар Хайям акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт саптар) менен таанылган.

Ал төрт саптардын канчасы Омар Хайямга тиешелүү экени алигиче тактала элек.

Омар Хайямдын лирикасы фарси-тажик поэзиясынын жалпы агымынан кескин бөлүнүп турат.

Анын поэзиясында өлгөндөрдүн чөпкө айланышы жана чөп менен жандуулардын тамактанышы түбөлүк кыймылдагы материя жөнүндө каңкуулап, дүйнө менен жеке адамдын байланышы айкындалат; шарап даңазаланып, тиги дүйнөдө жашоо жок дегендей тыянак чыгарылат.

Рубаилердин негизги идеясы – сопусунгандарды ашкерелөө, эки жүздүүлүктү жек көрүү, пенденин эркиндигин жактоо. Омар Хайям көп учурда ырларынын лирикалык каарманын эркин пенде катары көрсөткөн. Анын каарманы – бунтчул жана зордук-зомбулукка келишпес, кудайсыз.

Бирок Омар Хайямдын чыгармаларында татаал жана карама-каршы маселелер бир кыйла.

Изилдөөчүлөр тарабынан анын рубаилери карама-каршылыктуу талданып жүргөндүгү ушуну менен түшүндүрүлөт.

Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде кыргыз тилине да которулган.


Рубаилеринен

Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам,

Вино ичсем Дилбар менен неси жаман?

Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп,

Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман.

        • ****

Катылган аалам сырын кимдер билет?

Дүйнөдөн бири кетсе бири келет.

Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап,

Идишке куюштурат бизди ченеп.
(Которгон Амирбек Аззам уулу). [1]

Колдонулган адабияттар


Интернеттеги шилтемелер

Кыргыз тилине которулган чыгармалары:

Башка маалыматтар:

Ички шилтемелер

  1. https://www.azattyk.org/a/poetry_rubaiyat_omar_khayyam_wine_paradise/27624699.html