Тутум: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Removing Система.jpg, it has been deleted from Commons by Túrelio because: Screenshot of the program are protected by copyright.
1-сап: 1-сап:
[[Файл:Система.jpg|thumbnail|Энергетикалык көзөмөлдөө тутуму.]]


'''Тутум''' ({{lang-ru|система}}) - бир бүтүндүктү түзгөн бир канча өз ара байланышкан нерселер же кубулуштар. Мисалы: тикбурчтуу координаталар тутуму.
'''Тутум''' ({{lang-ru|система}}) - бир бүтүндүктү түзгөн бир канча өз ара байланышкан нерселер же кубулуштар. Мисалы: тикбурчтуу координаталар тутуму.
'''Система''' ([[Грек тили|грек]]. sistema – бөлүктөрдөн куралган бүтүн нерсе, биримдик, жүйө) – бири-бири менен өз ара байланышып турган элементтердин (бөлүкчөлөрдүн) белгилүү бир бүтүндүктү, биримдикти түзгөн жыйындысы.
'''Система''' ([[Грек тили|грек]]. sistema – бөлүктөрдөн куралган бүтүн нерсе, биримдик, жүйө) – бири-бири менен өз ара байланышып турган элементтердин (бөлүкчөлөрдүн) белгилүү бир бүтүндүктү, биримдикти түзгөн жыйындысы.

8 ноябрь 2019, саат 01:00 учурдагы нуска

Тутум (орус. система) - бир бүтүндүктү түзгөн бир канча өз ара байланышкан нерселер же кубулуштар. Мисалы: тикбурчтуу координаталар тутуму. Система (грек. sistema – бөлүктөрдөн куралган бүтүн нерсе, биримдик, жүйө) – бири-бири менен өз ара байланышып турган элементтердин (бөлүкчөлөрдүн) белгилүү бир бүтүндүктү, биримдикти түзгөн жыйындысы.

Система түшүнүгү узак тарыхый өнүгүш мезгилинде кыйла өзгөрүүлөргө учуроо менен, 20-к. жарымынан баштап негизги философия-методологиялык жана атайын илимий түшүнүктөрдүн биринен болуп калды. Азыркы учурда Система конструкциялоо жана изилдөө иштери менен байланышып, кибернетикада, системалык техникада, системалык талдоолордо, ж. б. колдонулат.

Байыркы грек. философиясы жана илиминде (Евклид, Платон, Аристотель, стоиктер) билимдин системалуулугу (ырааттуулугу) жөнүндөгү ой-пикирлер пайда болгон (логика, геометрия. аксиомалык түзүлүштөр). Система жөнүндө билимди 17–18-к. Спиноза, Лейбниц, К. Линней, Кондильяк, И. Г. Ламберт 19–20-к. немис классик философия өкүлдөрү Кант, Гегель, Шеллингдер өркүндө-түшкөн.

Система иш жүзүндө бардык нерсе, түшүнүктөрдө, көрүнүштөрдө (жаратылышта, коомдо) кездешкендиктен, ал илимде мазмун да, форма да жагынан ырааттуу түзүлүшкө ээ бүтүндүккө (биримдик, топ, жамаатка) мүнөздүү негизги принциптерди табууда, аныктоодо эң чоң мааниге ээ. Мында: бүтүн аркылуу бөлүктүн, бөлүк аркылуу бүтүндүн касиеттери жана алардын өз ара карым-катышы, байланышы белгилүү болот. Мезгилдин өтүшү менен статикалык Система өзгөрүүгө учурабайт да, кыймылдуу (динамикалык) Система өзгөрүүгө учурайт. 20-кылымда Системалык изилдөөлөрдүн өнүгүшү менен, анын максат жана милдеттери, логика-методологиялык принциптери так аныкталууда.


Колдонулган адабияттар