Кириллица: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Cyrillic alphabet distribution map.png
No edit summary
 
1-сап: 1-сап:
[[Файл:Novi testament 1563.jpg|thumb|Кириллица ([[Хорватия‎]], 1563).]]
[[Файл:Novi testament 1563.jpg|thumb|Кириллица ([[Хорватия‎]], [[1563]]).]]
[[Файл:Cyrillic alphabet distribution map.png|thumb]]
[[Файл:Cyrillic alphabet distribution map.png|thumb]]
'''Кириллица''', '''Кирилл алфавити''' — байыркы славян эки алиппесинин бири (глаголица менен бирге). 9-кылымдын аягы, ошондой эле 10-кылымдын башында пайда болгон.
'''Кириллица''', '''Кирилл алфавити''' — байыркы славян эки алиппесинин бири (глаголица менен бирге). 9-кылымдын аягы, ошондой эле 10-кылымдын башында пайда болгон.

30 ноябрь 2019, саат 18:44 учурдагы соңку нуска

Кириллица (Хорватия‎, 1563).

Кириллица, Кирилл алфавити — байыркы славян эки алиппесинин бири (глаголица менен бирге). 9-кылымдын аягы, ошондой эле 10-кылымдын башында пайда болгон.

Кириллица деген ат славян алиппесин алгач түзгөн агартуучу Кириллдин ысмынан коюлган. Байыркы кириллицада грек жазмасынан алынган 24 тамга болгон. Кийин ага славян тилдеринин грек тилинде жок тыбыштарын туюнтуу үчүн 13 тамга кошулган. Кириллицанын келип чыгышы жөнүндө так маалымат жок. 11—12-кылымдарга чейин кириллица менен глаголица бирдей колдонулуп, бара-бара глаголица колдонулбай калган.

Бул алфавитти түзүү болгар ага-ини Кирилл менен Мефодийдин диний-саясий-агартуучулук ишмердигине байланыштуу болгон. Алар грек алфавитинин негизинде алиппе түзүшүп, дин китептерин славян тилине которушкан. Адегенде кириллица түштүк (болгар, серб, македон) жана чыгыш славяндарга (орус, беларусь, украин) тараган. Россияда 1708-жылы бул алфавит реформаланып, орус алфавитинин негизин түзгөн. 1941-жылы кыргыз алфавити кириллицанын негизинде түзүлүп, ага үч тамга (ө, ү, ң) кошулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]