"Оскар" сыйлыгы: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
50-сап: 50-сап:
| [[1929]]
| [[1929]]
|- valign="top"
|- valign="top"
|style="font-size:9pt" height="29" | [["Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясы|Эң мыкты эркек ролу]]
|style="font-size:9pt" height="24" | [["Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясы|Эң мыкты эркек ролу]]
|style="font-size:9pt" | Best Actor in a Leading Role
|style="font-size:9pt" | Best Actor in a Leading Role
| [[1929]]
| [[1929]]
|- valign="top"
|- valign="top"
|style="font-size:9pt" height="26" | [["Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты экинчи пландагы актер" номинациясы|Эң мыкты экинчи пландагы эркек ролу]]
|style="font-size:9pt" height="24" | [["Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты экинчи пландагы актер" номинациясы|Эң мыкты экинчи пландагы эркек ролу]]
|style="font-size:9pt" | Best Actor in a Supporting Role
|style="font-size:9pt" | Best Actor in a Supporting Role
| [[1937]]
| [[1937]]
83-сап: 83-сап:
| [[1935]]
| [[1935]]
|- valign="top"
|- valign="top"
|style="font-size:9pt" height="24" | [[Эң мыкты ыр үчүн «Оскар» сыйлыгы|Эң мыкты ыр]]
|style="font-size:9pt" height="24" | [["Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты саундтрек" номинациясы|Эң мыкты ыр]]
|style="font-size:9pt" | Best Original Song
|style="font-size:9pt" | Best Original Song
| [[1935]]
| [[1935]]
114-сап: 114-сап:
| [[1932]]
| [[1932]]
|- valign="top"
|- valign="top"
|style="font-size:9pt" height="24" | [[Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма үчүн «Оскар» сыйлыгы|Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма]]
|style="font-size:9pt" height="24" | [["Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты жандуу кыска метраждуу тасма" номинациясы|Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма]]
|style="font-size:9pt" | Best Live Action Short Film
|style="font-size:9pt" | Best Live Action Short Film
| [[1932]]
| [[1932]]

5 апрель 2020, саат 20:25 учурдагы нуска

Оскар
Academy Awards
Өлкө

 АКШ

Сыйлык

Кинофильмдерди жаратууда, көркөм өнөргө кошкон салымы үчүн берилет.

Уюштуруучусу

A.M.P.A.S.

Негизделгени

1929

Акыркы ээси

2020

Сайты

oscars.org

Сыйлык Америка киноматография искусствосу жана илимдери академиясы (англ. Academy Awards, түз мааниде — «Академиянын сыйлыгы»), 1940-жылдан бери «О́скар» аталышы менен белгилүү (англ. Oscar), — америкалык киносыйлык, 1929-жылы түзүлгөн жана жыл сайын киножаратуучуларга, алардын көркөм өнөргө кошкон салымы үчүн берилет. Сыйлоо аземи жыл сайын Лос-Анджелесте, «Долби» театрында өткөрүлөт жана дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө түз эфирде көргөзүлөт.

Америкалык киностудия «Metro-Goldwyn-Mayer»дин ээси Луис Барт Майер тарабынан 1929-жылы тасма тартууда ийгиликтерди жаратып, АКШнын кинематографиясына чоң салып кошуп, анын өсүшүнө өбөлгө болгондорго тапшыруу үчүн ойлонуп табылган. Азыркы убакта да ишин алып барып жаткан эң эски киносыйлыктардын бири.

Тапшыруу жана шайлоо эрежелери бир нече жолу өзгөргөн. Женүүчүлөрдү тандоо жобосу дагы көп ирээт сынга алынган болсо, Академиянын мүчөлөрүнө коррупция күнөөсү да коюлган  — буга карабастан, «Оскар» дүйнөдө эң маанилүү жана кадырлуу киносыйлык болуп эсептелет.

«„Оскар“ сыйлыгын алуу кино дүйнөсүндөгү эң барктуу чекит, профессионалдык ийгиликтик символу болуп эсептелинет».

.

Жаралуу тарыхы

Тарых алдында: Академиянын түзүлүшү

АКШда биринчи киноакадемия ачуу идеясы күчтүү киностудия Metro-Goldwyn-Mayerдин ээси Луис Б. Майерге 1926-жылдын ноябрь айында келген. Академияны түзүүгө «Киностудиялардын негизги макулдашуусун» маанилүү 9 кинокомпания жана 5 союз кол койгондугу жана Американын киноиндустриясы бир союзга бириккендиги себеп болду. Бирок бул макулдашуу техникалык жумушчуларга гана тиешелүү болгон, ал эми режиссёрлор, сценаристтер, актёрлор стандарттык макулдашууну сактоого мажбур эле.

Монтажёрлор, композиторлор, сүрөтчү-уюштуруучулар жана башка ишкерлер өзүлөрүнүн гильдияларын түзгөнгө чейин, Майер ишке киришүүнү чечкен жана 1926-жылдын декабрь айында бул тармактын лидерлери: актёр Конрад Найджел, режиссёр Фред Нибло жана АКШнын кинопродюсерлеринин ассоциациясынын жетекчиси Фред Битсон. Булар ,ар кандай эмгек тартышууларында ортомчу боло турган жана киноэкрандагы талаштуу контентти контролдогон Хейстин офисинин жардамы менен Голливуддун дүйнөдөгү репутациясын жогорулата турган организацияны түзүүнү көздөшкөн.

Кесипештеринин колдоосу менен Майер келечектеги организациянын мүчөлөрүн тандоодо өзү баш болуп турган. 1927-жылдын 11-январында ал, кинотармактын 36 лидерин «Амбассадор» конок үйүнө чакырган. Майер Академияга «Эл аралык» наамын берүүнү жана анын составына көркөм өнөргө жана кинотартууга салым кошкон көрүнүктүү инсанларды гана кабул алууну сунуштаган. Ошого карабастан, анын адвокаттары ассоциациянын аталышынан "Эл аралык" сөзүн алып салууну сунушташкан. Көп өтпөй Академия расмий түрдө «Кинематография искусствосу жана илимдери академиясы» атын алган.

1927-жылдын 27 январында Академия легалдуу корпорация боло алган. Бул, Калифорния штаты ага коммерциялык эмес статусун бергенинде гана мүмкүн болду. Ошондо Академиянын биринчи мүчөлөрү тарабынан кызмат адамдары шайланган: актёр Дуглас Фэрбенкс президенти, сценарист Фрэнк Вудс — катчысы болуп дайындалышкан. Өзүнүн киностудиясынын эсебинен Майер 300 адамг «Билтмор» конок үйүндө кече уюштурган эле. Ал жакта Академиянын жаңы президенти Фэрбенкс узун сөз сүйлөп, өзгөчө киноэкран жана көрүүчүлөр коркунучтуу цензуранын алдында турат деп белгилеген.


Негизги номинациялар

Азыркы учурда «Оскар» негизги 24 номинация боюнча берилет:

Номинация Англисче аталышы Кайсы жылдан бери берилет
Эң мыкты тасма Best (Motion) Picture 1929
Эң мыкты режиссёр Best Director 1929
Эң мыкты эркек ролу Best Actor in a Leading Role 1929
Эң мыкты экинчи пландагы эркек ролу Best Actor in a Supporting Role 1937
Эң мыкты аял ролу Best Actress in a Leading Role 1929
Эң мыкты экинчи пландагы аял ролу Best Actress in a Supporting Role 1937
Эң оригиналдуу сценарий Best Original Screenplay 1941
Эң мыкты ыңгайлаштырылган сценарий Best Adapted Screenplay 1929
Эң мыкты толук метраждуу анимациялык тасма Best Animated Feature 2002
Эң мыкты музыка Best Original Score 1935
Эң мыкты ыр Best Original Song 1935
Эң мыкты чет тилдеги тасма Best Foreign Language Film 1957
Номинация Англисче аталышы Кайсы жылдан бери берилет
Эң мыкты сүрөтчү-коюучунун иши Best Production Design 1929
Эң мыкты оператордун иши Best Cinematography 1929
Эң мыкты үн Best Sound Mixing 1930
Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма Best Animated Short Film 1932
Эң мыкты кыска метраждуу көркөм тасма Best Live Action Short Film 1932
Эң мыкты монтаж Best Film Editing 1935
Эң мыкты визуалдык эффектилер Best Visual Effects 1940
Эң мыкты толук метраждуу документалдык тасма Best Documentary Feature 1943
Эң мыкты кыска метраждуу документалдык тасма Best Documentary Short Subject 1943
Эң мыкты костюмдардын дизайны Best Costume Design 1949
Эң мыкты үн монтажы Best Sound Editing 1964
Эң мыкты грим Best Makeup 1982