Хамид Зияевич Зияев: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белги: 2017 source edit
Белги: 2017 source edit
15-сап: 15-сап:
==Илимий ишмердиги ==
==Илимий ишмердиги ==
Хамид Зияев Борбордук Азия менен [[Падышалык Орусия|падышалык Орусиянын]] соода-экономикалык алакалары, [[Борбордук Азия|Борбордук Азиянын]] падышалык оторчулук доорундагы тарыхы, Орусия менен Чыгыш Түркстандын алакаларынын тарыхы, XIV––XX кылымдардагы Өзбекстан тарыхы, Түркстандагы эгемендик үчүн күрөш тарыхы сыяктуу илимий көйгөйлөрдү архивдик жана башка тарыхый даректердин негизинде изилдеген, көптөгөн илимий эмгектер жарыялаган ири окумуштуу.

Хамид Зияев Борбордук Азия менен [[Орусия|падышалык Орусиянын]] соода-экономикалык алакалары, [[Борбордук Азия|Борбордук Азиянын]] падышалык оторчулук доорундагы тарыхы, Орусия менен Чыгыш Түркстандын алакаларынын тарыхы, XIV––XX кылымдардагы Өзбекстан тарыхы, Түркстандагы эгемендик үчүн күрөш тарыхы сыяктуу илимий көйгөйлөрдү архивдик жана башка тарыхый даректердин негизинде изилдеген, көптөгөн илимий эмгектер жарыялаган ири окумуштуу.

Ал Өзбекстандын гана эмес, Казакстан менен Кыргызстандын да тарыхчы адистерин даярдоого салым кошкон.

Ал Өзбекстандын гана эмес, Казакстан менен Кыргызстандын да тарыхчы адистерин даярдоого салым кошкон.

==Наамдары. Даражалары. ==
==Наамдары. Даражалары. ==
«Жасорат» (“Эрдик”) медалы менен сыйланган (1994).

«Жасорат» (“Эрдик”) медалы менен сыйланган (1994).

9 май 2020, саат 09:22 учурдагы нуска

Хамид Зияев (өзбекче: Hamid Ziyoyev; 15-июнь, 1923, Ташкент –– 13-июль, 2015, Ташкент) — өзбекстандык белгилүү тарыхчы окумуштуу. Өзбекстан илимине эмгек сиңирген ишмер (1989), тарых илимдеринин доктору, профессор (1968), Улуу Ата мекендик согуштун ардагери.

Кыскача өмүр таржымакалы

Өзбекстандагы белдүү тарыхчылардын бири Хамид Зияев 1923-жылы 15-июнда Ташкент шаарында туулган.
Улуу Ата мекендик согушта оор жарадар болгон. Аны Кыргызстандагы даңазалуу аскер дарыгери Рафа Айдарбекова (мамлекеттик ишмер Иманаалы Айдарбековдун кызы) кан майдандагы талаа ооруканасында дарылаган.
Уруш аяктаган соң, 1946-жылы Ташкент педагогика институтунун тарых факультетин аяктаган.
Өзбекстан ИАсынын Тарых жана археология институтунун илимий кызматкери (1950––1963) болуп иштеген.
1964––65-жылдары аталган институттун Жаңы тарых бөлүмүн жетектеген.
1965––85-жылдары аталган институттун директорунун илимий иштер боюнча орун басары болуп иштеген.
1996-жылдан –– Өзбекстан ИАсынын Тарых институтунун жетекчи илимий кызматкери болуп иштеген.
Ардагерликке чыккан.
2015-жылы 13-июлда Ташкент шаарында дүйнөдөн кайткан. [1]

Илимий ишмердиги

Хамид Зияев Борбордук Азия менен падышалык Орусиянын соода-экономикалык алакалары, Борбордук Азиянын падышалык оторчулук доорундагы тарыхы, Орусия менен Чыгыш Түркстандын алакаларынын тарыхы, XIV––XX кылымдардагы Өзбекстан тарыхы, Түркстандагы эгемендик үчүн күрөш тарыхы сыяктуу илимий көйгөйлөрдү архивдик жана башка тарыхый даректердин негизинде изилдеген, көптөгөн илимий эмгектер жарыялаган ири окумуштуу.

Ал Өзбекстандын гана эмес, Казакстан менен Кыргызстандын да тарыхчы адистерин даярдоого салым кошкон.

Наамдары. Даражалары.

«Жасорат» (“Эрдик”) медалы менен сыйланган (1994).
Өзбекстан илимине эмгек сиңирген ишмер (1989).
Тарых илимдеринин доктору.
Профессор (1968).

Шериктери жана шакирттери

Профессор Хамид Зияевдин үзөңгүлөштөрү Борбордук Азияда жана Орусияда көп болгон. Алардын арасында -- чыгыш таануучу, академик Бөрү Ахмедов, тарыхчы Кушбек Үсөнбаев ж.б. бар эле.
Хамид Зияевдин жүздөй шакирти бар.
Анын Кыргызстандагы шакирти –– тарыхчы Кыяс Сатар уулу Молдокасымов.

Үй-бүлөсү

Уулу Азамат Зияев (Зиёев) менен кызы Дана (Доно) Зияева –– тарых илимдеринин докторлору, профессорлор.
Учурда уулу Азамат Зияев Өзбекстан ИАсынын Тарых институтунун директору болуп иштейт. Ал Өзбекстан Жогорку Кеңешинин депутаты да болгон. [2]

Негизги эмгектери

• Туркистонда Россия тажовузи ва ҳукмронлигига қарши кураш (XVIII-XX бошлари). Тошкент, 1998.
• Истиқлол маънавият негизи. Тошкент, 1999.
• Тарих – ўтмиш ва келажак кўзгуси (тарихнинг долзарб масалалари). Тошкент, 2000.
• Ўзбекистон мустақиллиги учун курашлар тарихи (милоддан олдинги асрлардан то 1991 йил 31 аввгустгача). Тошкент, 2001.
• Ўзбек хонликлари Чоризм асоратида (XIX асрнинг 50-70 йиллари). Тошкент, 1994.
• Бахт калити (ибратли ҳикоялар). Тошкент, 1995.
• Озодлик учун тўкилган қонлар. Тошкент, 1997.
• Бахтли бўлай десангиз (уйғур тилида) Урумчи, 1999.
• Ўзбекистонда пахта яккаҳокимлиги учун кураш ва унинг оқибатлари (XIX асрнинг охири – XX аср бошлари). Тошкент. 1999
• Бахтли бўлай десангиз. Тошкент, 2001.
• Сибир, Волга ва Урал бўйларидаги ўзбеклар. (XVI-XX асрнинг бошлари) ўзбек ва рус тилларида. Тошкент, 2003.
• Тарихнинг очилмаган саҳифалари. Тошкент, 2003.
• Тарих институти 60 ёшда. Тошкент, 2003.
• Ўзбекистон мустамлака ва зулм исканжасида. (XIX асрнинг иккинчи ярми – XX аср бошлари). Тошкент, 2006.
• Амир Темур салтанати ва тақдири. Тошкент, 2008.
• Она шаҳрим Тошкент ва ҳаёт йўлим. Тошкент, 2008.
• Ёқубжонхожи ва Маҳкамбойларнинг фаолияти ва тақдири. (Бахтиёр Маҳкамов билан ҳамкорликда). Тошкент, 2008.
• Амир Темур томонидан Қуръони Каримнинг асл нусхасининг келтирилиши. Ўзбекистон мадрасалар ватани. Тошкент, Ислом университети нашриёти. 2010.
• Ўзбекистон биринчи ва иккинчи жаҳон уруши даврида. Тошкент. 2011.
• Фарзандларнинг ақлли, соғлом ва оқибатли бўлсин десангиз. (тарбиявий ва ҳаётий сабоқлар). Тошкент, “Шарқ” нашриёти. 2011.
• Россиянинг Қозон, Астрахан, Сибир, Қрим, Кавказ ва Туркистонга тажовузи ва ҳукмронлигига қарши курашлар тарихи. Тошкент, 2012.

Айрым адабият тизмеси

• Turkistonda Rossiya tajovuzi va hukmronligiga qarshi kurash (18—20-asr boshlari), T., 1998; Istiqlol maʼnaviyat negizi, T., 1999; Tarix — oʻtmish va kelajak, T., 2000; Oʻzbekiston mustaqilligi uchun kurashlarning tarixi, T., 2001.

Интернеттеги шилтемелер

Ички шилтемелер

1. Д.Х.Зияеванын маалыматы.
2. https://centrasia.org/person2.php?st=1013880723