Прага: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
67-сап: 67-сап:


{{Европа өлкөлөрүнүн борборлору}}
{{Европа өлкөлөрүнүн борборлору}}

== Эскертүүлөр ==
[[Категория:Чехия]]
[[Категория:Чехия]]
[[Категория:Шаарлар‎]]
[[Категория:Шаарлар‎]]

23 июль 2020, саат 12:32 учурдагы нуска

Отурукташкан жай
Прага
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Чехия
Координаттар 50°05′19″ с. ш. 14°25′17″ в. д.HGЯO
Приматор Адриана Крначова
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген IX кылым
Аянты 496 км²
Борборунун бийиктиги 177—399 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 1 243 201 адам (2013)
Жыштыгы 2506 адам/км²
Этнохороним прагалык, прагалыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +420 2
Почта индекстери 100 00 — 199 00
Автоунаа коду A
Расмий сайты http://www.praha.eu
 (чех.)  (англ.)
Прага (Чехия)

Прага (чех. Praha [ˈpraɦa]) – Чех Республикасынын борбору. Полаба түздүгүндө, Влтава дарыясынын өйүз-бүйүзүндө, деңиз деңгээлинен 200–300 м бийиктикте, 5 дөңсөөдө жайгашкан. Өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Ортонку Чех областынын административдик борбору. Климаты жумшак, мелүүн континеттик. Январдын орточо температурасы – 1,4°С, июлдуку 18,2°С. Жылдык жаан-чачыны 500 мм. Калкы 1,2 млн (2012 шаар айланасы менен 1,4 млн). Негизги маанилүү жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Өлкөнүн өнөр жай жана маданий борбору. Шаар 2002-жылы суу ташкынынан катуу жабыркаган. Машина куруу (станок жана кеме, транспорттук, электр-техникалык ), химия, текстиль, тигүү, полиграфия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Праганын аймагына биздин заманга чейинки 4-кылымда эле эл отурукташа баштаган. Биздин заманга чейинки 5-кылымында бойлор, биздин заманга чейинки 6-кылымда славяндар келишкен. 10-кылымдан Чех мамлекетинин, 1918–92-жылдары Чехословакия Республикасынын, 1993-жылдан Чех Республикасынын борбору. 973-жылы епископтук (1344-жылдан архиепископтук) негизделген. Шаардын тарыхый чордону – Прага Град готика стилиндеги Ыйык Вита кафедралуу собору (14–20-кылым) жана король (12–18-кылым), ренессанс стилиндеги Бельведер ак сарайлары (16-кылым), барокко, готика жана модерн стилиндеги, эклектика духундагы (улуттук музей жана театр) көптөгөн курулуштар сакталган. Европанын кооз шаарларынын бири. Прагада таштан курулган 18 көпүрө бар (анын ичинде эң коозу Карл көпүрөсү). Алар шаарга өзгөчө көрк берип турат. Чыгыш Европанын жана Чехиянын жогорку билим берүүсүнүн борбору. Чех Илимдер академиясы, 8 жогорку окуу жай (анын ичинде университеттер, 17-ноябрь атындагы, Карл ж. б.), Банк иштери жана политехникалык институттары, Жогорку мектептер, китепканалар, музыка искусство академиясы, консерватория, улуттук ж. б. театрлар, улуттук галерея, музейлер бар. Праганын 5 борбордук району архитектуралык-тарыхый корук катары 1992-жылы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Эл аралык дүйнөлүк мааниси бар фестивалдар («Прага жазы», «Прага күзү» музыкалык, «Бир дүйнө» даректүү фильмдер, Бүткүл дүйнөлүк цыган искусствосу ж. б.) өткөрүлүп турат. Ботаникалык бак (тропика оранжереясы менен) жана зоопарк уюштурулган.[1]

Колдонулган адабияттар

Эскертүүлөр

  1. Айрыкча Прага окутуу