"Астрономия" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

Jump to navigation Jump to search
no edit summary
 
[[File:20110721.jpg|thumb|right|Планета|300px]]
'''Астрономия''' (астро... ж-ажана гр. nomos - законмыйзам) - [[Аалам|ааламда]] болуп жаткан физикалык процесстер м-н кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын ж-а алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам жөнүндөгү [[илим]]. Астрономия сфералык астрономия, практикалык астрономия, [[астрофизика]], асман механикасы, жылдыз астрономиясы, галактикадан тышкары астрономия, [[космогония]], [[космология]] ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт. Астрономия адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын-ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу м-н (1937, СССР) астрономиянын жаңы доору башталган. [[Космос|Космостогу]] эң чоң (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл [[Телескоп|телескобу]] 1990 ж-а 2005-ж. [[Жер|Жердин]] [[Орбита|орбитасына]] чыгарылып, [[Күн системасы|Күн системасындагы]] телолорду ж-а [[планета]] аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаңы ыкмалары пайдаланылган. Азыркы астрономиянын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору системасынан баш тартуу ж-а аны дүйнөнүн гелиоборбору системасы м-н алмаштыруу, асман нерселеринин (телолорун) телескоп м-н изилдөөнүн башталышы ж-а бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. Б. з. ч. 2000-ж. [[Кытай|Кытайдагы]] астрономия мектеби кытай астрономиясынын өнүгүшүнө салым кошкон. Астрономия ошондой эле [[Египет|Египетте]], [[Индия|Индияда]] ж-а [[Грекия|Грекияда]] өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз м-н байкоонун негизинде чоң ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар ж-а Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад [[Цивилизация|цивилизациясынын]] жрец астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж. б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. Астрономиянын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мисалы, зенит, надир, альманах. Птоломей б. з. 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде астрономия б-ча бүт билимди чогулткан. Ал ошол кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, 17-кылымга чейин астрономиялык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-ж. поляк окумуштуусу [[Коперник, Николай|Н. Коперниктин]] «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин [[Ньютон, Исаак|Ньютондун]] бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун ж-а кыймылдын үч законун Ай ж-а планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер ж-а [[Галилей Галилео|Галилейдин]] иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта астрономия эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоң ж-а кубаттуу телескоптун жардамы м-н Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде - планеталарды, анын жандоочуларын, [[Комета|кометаларды]], [[Астероид|астероиддерди]] изилдөөдө Ньютондун динамика закону ж-а кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат.<ref>[https://4i5.ru/astronomija/745454.html Астрономия: определение жана түшүндүрмө]</ref>
 
 
848

edits

Навигация менюсу