Википедия:Администраторду шайлоо: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
112-сап: 112-сап:
|Талапкер= Mirzoulug'bek
|Талапкер= Mirzoulug'bek
|Макул1= Абдырашит Сатылганов
|Макул1= Абдырашит Сатылганов
|Макул2=
|Макул2= Kmaksat
|Макул3=
|Макул3=



15 август 2022, саат 08:32 учурдагы нуска

АдминистраторВикипедия коомдоштугунун ишенимин актаган жана долбоордун өнүгүшүнө өз салымын кошо алган, убактысынын тардыгына карабастан долбоорду ар качан көзөмөлдөп, жөнөкөй колдрнуучуларга көмөк көрсөтүп турган жана өзүнүн функцияларын түздөн түз аткарган, техникалык колдоо көрсөтө алган, түрдүү келишпестиктерди чечип, эки тарап тең макул болгудай чечим чыгара алган тажрыйбалуу, тийиштүү макамы менен колдонуучу.

Администратор макамына арыз берип жаткан колдонуучунун, Википедияда эң аз дегенде алты ай жана минималдуу 1000 оңдоолору болушу зарыл. Эгерде талапкер администратор болушуу макамы күмөн жаратса - коркпостон макул эмесмин деп добуш бериңиз. Анткени Сиздтн тандооңуздан долбоордун өнүгүшү көз каранды. Ал эми колдонуучу тууралуу эч маалымат билбесеңиз, анда - калыс калуу жообун бериңиз. Эгерде колдонуучунун долбоорго болгон салымдары өтө жакшы болуп, ар дайым долбооду колдоп, өнүктүп келсе, анда - макулмун деген добушуңузду берип талапкерди администратор макамына көтөрө аласыз.

Шайлоо жобосу

  • Ар-бир Википедиянын администраторлорун ошол тил бөлүмдө катталган колдонуучулар шайлашат.
  • Администраторлукка өзүңүздү сунуштасаңыз же башка колдонуучулар сизди сунушташы мүмкүн.
  • Сизди администратор катары шайлоо бул барактагы өтүүчүңүздү колдогон же каршы добуштары менен чечилет.
  • Администратор талапкерлигине койуу үчүн төмөнкү калыптагы маалыматты көчүрүп киргизип, бир-эки ооз сөз менен талапкерлик максатыңызды билдирип койуңуз.
  1. Талапкердин милдети, төмөнкү калыпты, көчүрүп киргизгенден кийин, колдонуучулар (добуш берүүчүлөр) тарабынан берилген суроолорго жооп берип туруу зарыл, бул шайлоонун жыйынтыгын тестет!
  2. Добуш берүү аяктаган сон, добуштарды эсептеп чыгыныз, ал үчүн калыптын эн түбүндөгү Макул, Каршы талааларына канча добуш болгонун, сан түрүндө жазасыз, көңүл бурунуз ! Бул нерсени аткаруу милдетүү эмес, бирок архивке сактоо үчүн маанилүү.
  3. Талапкерлигиңиз өтпөсө, кайра-кайра талапкерлигиңизди койбош керек. Антпесеңиз салымыңыз жокко чыгарылып же бир канча убакытка чейин бөгөттөлөсүз.
    Көнүл бурунуз ! Сиз добуш берүүдөн өтпөй калсаныз, 3 ай ичинде кайрадан арыз берсеңиз болот.
  4. Талапкер өзүнө жана башка колдонуучунун атынан добуш бере албайт.
  5. Администраторлордун, жөнөкөй колдонуучулардан айрымачылыгы, ага берилген айрым мүмкүнчүлүктөрүндө, ошол себептен, макамамды алгандан сон, себеби жок, берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбашы керек.
  6. Добуш берүүчү, добуш берип жатканда эмнеге жана кимге добуш берип жатканына көңүл бурушу керек.

Көчүрүүгө камылга

===[[User:Сиздин бул жердеги колдонуучу атыңыз]]===
{{Sr-request
|Талапкер= 
|Макул1=
|Макул2=
|Макул3=

|Каршы1=
|Каршы2=
|Каршы3

|Калыс1=
|Калыс2=
|Калыс3=
}}

Колдонуу үлгүсү

===[[User:Абдырашит Сатылганов]]===
{{Sr-request
|Талапкер= Абдырашит Сатылганов
|Макул1= Friendwip.kg
|Макул2=
|Макул3=

|Каршы1= Chorobek
|Каршы2=
|Каршы3

|Калыс1=
|Калыс2=
|Калыс3=

|Макул = 1
|Каршы = 1
|Калыс = 0
}}


Иштериңизге ийгилик!

Талапкер:Bosogo
Макул / OK МакулY
Каршы / No ЖокʈN

Саламатсыздарбы.
Үчүнчү жолу талапкерлигимди сунуштап жатам. Эмки жолу жамааттан туруктуу макам алууга өтүнөм. Биздин Википедиябызда көптөн бери туруктуу администратор жок болууда. Бул көрүнүш чоң кыйынчылыктарга алып келүүдө. Себептери төмөнкүдө.

Викикипедия ― биринчи ордунда энциклопедия. Энциклопедия актуалдуу жана так болушу керек. Википедиянын спецификасына байланыштуу долбоорубузда көптөгөн орфографиялык, лексикалык ж.б. каталар; ачык вандализм; жарнама макалалар; бир предметти чагылдырган 3-4 макалалар да болууда. Бул баары Кыргыз Википедиясынын баркына чоң сокку. Википедиябыздын баркын чыңдоо үчүн баары бир тартипте, нейтралдуулук принцибинде, булактардын негизинде, энциклопедиялык маанилүүлүгү талаптары колдонулуп, энциклопедиялык түрдө жазылышы керек.

Мисалы: Гүлзаада Исламбек кызы макаласы Википедиянын ар кайсы тил бөлүмдөрүндөгү калыптанган инсандын маанилүүлүгү талаптарына жооп бербейт. Эгерде, мындайча макалалар түзүлө берсе Википедиябыз энциклопедиядан социалдык тармактарынны бирине айланат (ар бирөө "жеке баракчаларын ача берет"). Википедия издөө тутумдардыгы жыйынтыктарды жакшыртуу плантформасына айланат. Анда, дүйнө жүзүгдөгү бардык 8 миллиардга жакындап барган адам тууралуу жазуу туура келип калат... Ошондой эле, атайын боттор же адамдар Википедияны PR платформасы катары көрүшөт, бизге окшогон жамаат көзөмөлү кээ бир учурларда начарлаган долбоорлордо булак катары өз сайт даректерин калтыршат. Эгерде алар текшерилсе жазылган текти менен темасы гана окшош. Же буйрутма макалаларын жазышат (муну да оңой текшерсе болот). Бир жолу жаңылышпасам бир чет элдик компания же адам тууралуу чакан Википедиялырында гана жазылган. Алардан катарында биздин долбоорубуз бологон. Андай макала жазып жаткандын ойунда чакан долбоорлордо мындай иш-аракет байкалбай калышы же тийиштүү реакция болбош керек эле. Ушундай сыяктуу PR ыкмалар көп. Баарына администратор көз салып, андай IP бөгөттөшү керек.

Жарнама макаланын дагы бир үлгүсү Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Бул китептин энциклопедиялык манилүүлүгү жок. Эгерде мындай макала калтырылса анда миңдеген китепче, окуу куралдар ж.б. киргизишибиз керек. Башка Википедияларда китепти анын белгилүүлүгүн, тарыхый таасирин, ким жазганын ж.б. талаптарга таянышса биз ар бир сөздүктү киргизип жатабыз... Кайсы максатта ? Мындай макалалар өчүрүлүшү керек.

Эгерде кээ бир барактарды багыттоонун ордуна өчүргөнүмө суроо жаралса: лексикабызга кирбеген сөздөр издөө жыйынтыктарда (Википедия алкагында жана издөө тутумдарда) берилбесин деген максатта өчүргөм же азыр "өчүрүү" калыбын койдуруп жатам. Мисалы, "нефть" деген баракты "мунай" макаласына багыттадым, бирок "нефть азыктары" ж.б. "нефть" сөзү менен аталгаларды өчүргөм. Адам "нефть" кыргызча "мунай" экенин билбей "нефтти" издейт. Анда мунай барагына багытталса кийин Википедиядан мунайды гана издөө керек экенин түшүнөт. Ошентип аз аздан туура сөздөрдү колдонуу калыптанат. Эгерде аталышында "нефть" сөзү менен башка барактарды калтырсак википедиячылар ички шилтемелерди бергенде туура жазылышынын колдонбой тескстте болгон каталарды көбөйтө берет.

Жогороду айтылган жана башка учурлардагы маселелерди чечүү үчүн администратор керек. Мурда макамды алганда (9 ай жалпысы) колдон келишинче дээрлик күн сайын Википедиябызга кирип ар бир түзөтүүнү текшерип чыкчумун, азыр да карап турам (талаш маселерибиз болгонуна карабастан бул жаатта @Абдырашит Сатылгановду белгилеп кетким келет). Бирок, эми жалпылап алганда жамаат "өчүрүү" калыбын койгондон башка эч нерсе кыла албайт. Андай калып менен барактар мурдагыдай жылдарга созулуп тура берет.

Администратор башка колдонуучулар менен тең укуктуу. Эгерде иш-аракеттерим Кыргыз Википедиясына зыян алып келсе, каалаган убакытта каалаган википедиячы мени администратор макамымдан ажыратуу жөнүндө талкуу баштай алат. Кыргыз Википедиясына катышканым кыргыз элиме жана тилиме пайда тийиши. Макамды да ушул гана максатта алганы жатам. Мен үчүн ар бир 3 же 6 ай сайын бирөөдөн макам алуу үчүн сурануу ыңгайсыз. Эми жамаатыбыздын аз жигердүүлүгүн эске алганда администраторду шайлоо кээ бир учурларда болбой калышы мүмкүн. Бул да факторду эске алганда долбоорубуз администратор гана кыла турган чараларды көрбөй калууда. Менимче бул терс көрүнүш. Анткени өз убагында баары оңдолуп турса жакшы.

2018-жылдан бери катышуумда чоң тажрыйба топтодум. Чоң жамааттуу Википедия кантип иштей турганын көрдүм. Мурдагы администраторлук иш-чараларым көрүлгөн практиканын алкагында болгон. 2013-жылдан бери өткөрүлбөгөн талкуулар өткөрүлдү. Администратордун дагы бир милдети талаш маселелерди чечүү. Албетте мен да идеалдуу эмесмин, бирок калыптанган практиканы эске алып иштөөгө убада берем.


Максатым: көзөмөл жүргүзүү, татаал талаш-тартыш маселелерди чечүү, башкы баракты жакшыртуу, сапаттуу мазмунду түзүүдө түрткү болуу

Биринчи жолу администраторлукка өтүнгөмдө (Википедия:Администраторду шайлоо/Архив/2021) ал жерде айтылган убадалар ашырылбай калган (ички тутумун түзүү жана автордук укугу чектелген файлдар үчүн Кыргыз Википедиясына жүктөө мүмкүнчүлүгүн орнотуу). Бирок, кийинчерээк ички тутумду тузүү алдын ала Википедиябыздын аталышынан башташ керегине келгем. Талкуу баштоо (өз тажрыйбам жана долбоордо андай талкуу 2013-жылдан бери жок болчу) жана аны ашыруу оңой болгон эмес. Ошондой эле, башкы барактын көрүнүшү өзгөртүлгөн. Калган убакытта көзөмөлдөө менен жана иреттөө менен алектенгем. Талкуу жүргүзүү ж.б. иш-чараларды каалаган колдонуучу жүргүзө алат. Бирок, чакан долбоордо администратор катары бул иштерди алдыга түртүү зарылчыгы көрүнүп турат. Энциклопедияны түзүү тутумдук (системалык) түрдө болуш керек. Азырынча бир да эрежебиз жок. Мисалы, жамаат макала атоо эрежелерин аныктай элек ж.б. көптөгөн маселе чечилбей жатат. Аларды чечүү (талкуу жүргүзүү) алдында келечектеги эрежелердин пайдубалын түзгөн "беш принцибин", Викимедиа фондунун саясаттарын которуп, жамаат порталынын кандай иштей турганын, глоссарийди тактап жана процедуралык эрежелерден, аларды камсыз кылган калыптарды даярдоодон баштап керек деп эсептейм.


Рахмат.--Bosogo (баарлашуу) 08:28, 15 Август (Баш оона) 2022 (UTC)

Mirzoulug'bek

Саламатсыздарбы мен википедияга өз салымымды кошоюн жана долбоордун өнүгүшүнө аракет кылам деп администраторлукка өз талапкерлигим сунуштап жатам. Максатым: макалаларды көзөмөлдөө жана жаны макалалардын сапатын википедия жоболоруна ылайыкташтыруу. --Mirzoulug'bek (баарлашуу) 10:23, 29 июнь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Талапкер:Mirzoulug'bek
Макул / OK МакулY
МакулY

Абдырашит Сатылганов

МакулY

Kmaksat

Каршы / No ЖокʈN

Комментарий

Саламатсызбы Mirzoulug'bek мырза, сиздин талапкерлигиңизди колдоп "макул" - деген добуш берем. Бирок активдүү болууну суранат элем, себеби активдүүлүгүңүз 2014/2015 жылдары байкалса, андан кийин дээрлик активдүүлүгүңүз жоголгон. Ошондой эле 2012-жылы кабыл алынган эрежелерди туура эмес деп ойлойм. Анын ичинде инсанга таандык макалалар үтүр менен болушу керек деп, ошого таянгандар көп. Ага таянып макалаларды массалык түрдө өзгөртүү да туура эмес деп эсептейм... Ушул тема боюнча оюңузду билдире кетсеңиз... Ишиңизге ийгилик!!! Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 12:44, 29 июнь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Саламатчылык! Сизге чооң рахмат! Акыркы беш жылдын ичинде бир топ иштер менен алек болуп википедиядан алыстап калдым. Эми болушунча кыргыз тилиндеги википедияга өз салымымды кошууга жана макалаларды сапатын жакшыртууга аракет кылууну максат кылып атам. Ошондой эле сиздер менен биргеликте башка тилдеги википедиялардан тажрыйба алмашып турууну жана кыргыз тилиндеги википедиянын колдонуучуларын санын көбөйтүү жолдорун сиздер менен кенешууну максат кылып жатам. Ошондой эле кыргыз тилиндеги колдонуучулар биргеликте телеграм сыяктуу социалдык тармактардан баарлашып турсак деген ойдомун. Сизге терең ыразычылык билдирип --Mirzoulug'bek (баарлашуу) 14:50, 29 июнь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Ишиңизге ийгиликтер болсун!!!Кыргыз Википедиясына көптөгөн салым кошот деген ишеничтемин.... Абдырашит Сатылганов (баарлашуу) 18:49, 29 июнь 2022 (UTC)[жооп берүү]

Архив

Архив
Архив
Баарлашуу архиви: