Интернет: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот өзгөрттү: mr:महाजाल
м r2.7.1) (робот өзгөрттү: nah:Mātlatzālantli
156-сап: 156-сап:
[[my:အင်တာနက်]]
[[my:အင်တာနက်]]
[[mzn:اینترنت]]
[[mzn:اینترنت]]
[[nah:Mātlatzālan]]
[[nah:Mātlatzālantli]]
[[nds:Internet]]
[[nds:Internet]]
[[nds-nl:Internet]]
[[nds-nl:Internet]]

18 май 2011, саат 05:59 учурдагы нуска

Интернет (англисче: Internet ) — бириктирилген компьютердик тармактардын бүткүл дүйнөлүк желеси.

Интернеттеги тармактардын байланышынын болжолдуу абалы.

Интернет кантип, качан пайда болгон?

Дүйнөлүк желе маанисиндеги интернеттин пайда болу тарыхы 20-кылымдын экинчи жарымына барып такалат. 1957-жылы АКШнын коргоо министрлигинин алдында уюшулган Алдыңкы Изилдөө Долбоорлорунун агенттиги (ARPA) 1969-жылдын 1-сентябрында изилдөө институтардын ортосундагы компьютер аркылуу маалымат алмашууну камсыз кылган алгачкы бириккен желени түзүп чыгат. Интернеттин бул алгачкы түрү биринчи Арпанет деген аталышта дүйнөгө жайыла башайт. Ал эми 1971-жылы Bolt Beranek and Newman аттуу компьютердик фирманын програмисти Рэй Томлисон алгачкы электрондук почтаны жана @-электрондук белгини иштеп чыгат. 1982-жылы Арпанет TCI/IP аталыштагы бирдиктүү тармактык тилди түзүп чыгуу менен азыркы интернет келип чыккан. Кыргызстанга болсо интернет 1995-жылдан тартып келе баштаган. Алгач болуп интернет баракчаларын чектөөгө алуу 1999-жылдан баштап катталган. Бул жылдардан тартып, Кытайда, Сауд Арабиясында, Иран, Египет диний жана саясий көз караштарга туура келбеген сайттарга чектөөлөр киргизилген.

Алгач пайда болгондо коммуникациялык технологиялардын ичинен радио 38 жылдын, телевидение 13 жылдын ичинде дүйнө боюнча 50 миллион угарман жана көрөрман топтосо, интернет пайда болгондон кийин 5 жылдын ичинде гана 50миллион колдонуучусун топтой алды. Натыйжада интернет дүйнөдөгү эң бат жайылган жана эң оперативдүү маалымат булагына айланды.

Бишкек шаарында эң көп интернет колдонуучу бар

2008-жылкы маалыматтарга караганда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонгондордун саны 1.4 миллиард адамга жеткен жана бул көрсөткүч убакыт өткөн сайын жогорулоодо. Дүйнөнүн башка бурчтарындагыдай эле Кыргызстанда да интернет колдонучуулардын саны күндөн күнгө артып өзгөчө Бишкек шаарында интернет кафелер жана алардын тармактары көбөйүү менен алек. www.neweurasia.net сайтынын берген маалыматтары боюнча учурда Кыргызстанда 760 664 интернет колдонуучу бар. Булардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү Бишкектиктер болуп саналат.. Тагыраак айтканда интернет колдонуучулардын 77% Бишкекке, 10% Ош облусуна туура келет. Ал эми болгону колдонуучулардын 13% гана калган облус жана шаарларга тиешелүү. Натыйжада, Бишкекте «дүйнөлүк желеге» кошулгандардын саны көбөйгөнү менен өлкөнүн калган бөлүктөрү бул тармактан алигиче артта калууда.

Кыргызстанда уюлдук телефондор аркылуу интернетке киргендер аз эмес.

Албетте бүткүл дүйнөнү кучагына алган интернет тармагына кошулуу оңойлоткон технологиялардын катарына уюлдук телефондор да кирет. Батыш өлкөлөрүно окшоп Кыргызстанда дагы жеке компьютер эмес чөнтөк телефондор аркылуу электрондук почталарын текшерип, маалымат алган замандаштар аз эмес. «Промотанк» компаниясы жана «Интернет саясатынын жарандык демилгеси» коомдук фондусунун интернет тармагын талдоо максатында жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын 51% иш жеринен гана интернетке кошулат. Ал эми 21% так ушул уюлдук телефондордун жардамы менен интернетке киришет. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык өлкөдөгү интернет колдонуучулардын 8% болсо интернет кафелерден интернетти пайдаланышат.

Интернет колдонгондордун жана ага кызыккандардын көпчүлүгү жаштар

Статистикага караганда Кыргызстанда интернет колдонуучулардын 75% 10 жаштан 30 жашка чейинкилер түзөт. Натыйжада, Бишкектеги кайсы гана интернет кафеге барба, интернете отургандардын дээрлик көпчүлүгү жаштар экендиги байкалат. Ал эми күндүзгүгө караганда арзаныраак келген түнкү интернеттерде орто жаштагы адамдарды кездештирүүгө да мүмкүн эмес. Орто жаштагы адамдардын интернетке кирбешинин себебин Бишкектин тургуну 46 жаштагы Чолпон айым «чоңдордун» убактысынын аздыгы менен түшүндүрөт. Анын айтымында интернеттин керектүү нерсе экенине карабай аны өздөштүрүүгө убактысы жок, бул себептен интернет кафелерге бара албайт. Ал эми жаштарда жаңы технологияларды өздөштүрүгө убактылары көп. Ошондуктан жаштар көбүрөөк интернетке барышат, дейт

Көпчүлүк жаштар интернетти көңүл ачуу үчүн колдонушат

Бишкектин интернет кафелеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында жаштардын көпчүлүгү интернетте убактыларын таанышуу, виртуалдуу достор менен форумдарда, чаттарда кабарлашуу, музыка жана видео көрүү менен өткөрүшөт. Албетте, интернетти маалымат алуу үчүн колдонгондор да жок эмес. Бирок жаштардын арасында интернет колдонуучулардын басымдуу бөлгүнүн назары көңүл ачууга багытталган. Эң жок дегенде бир жумада бир жолу интернетке кирип турган Бишкектик Андрей интернетсиз жашоосун элестете албайт. Ал интернетти байланыш, же виртиалдуу маек үчүн колдонуп, көбүнчө www.odnoklassniki.ru сайтына кирет. «Мен интернет аркылуу таанышкан башка өлкөлөрдөгү досторум менен туруктуу кат жазышып келем. Алар менен чаттарда да бат-бат баарлашып турабыз. Андыктан дайыма интернетке кирип турушум керек. Көпкө чейин интернетке кирбесем, мага бирөө кат жазып жообун күтүп жаткандай сезиле берет» ,- дейт Андрей. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү «Шмель» интернет кафесинде иштеген Нурландын айтымында жаштар интернетти ар кыл багытта колдонушат. Алардын ичинен көңүл ачуу үчүн интернетке киргендердин саны басымдуурак кылат. «Кафеге келген жаштардын жарымынан көбү маалымат алуудан көңүл ачууга чейинки бардык нерсе камтылган www.mail.ru сайтына киришет. Андан сырткары бекер ырларды көчүрүүгө мүмкүнчүлүк берген www.zaycev.net сайтын колдонушат » дейт,Нурлан мырза.

Mail.ru эң көп кирилген сайт

Сурамжылоо көрсөткөндөй Бишкекте эң көп колдонулган сайт болуп орустардын mail.ru сайты саналат. Бул сайтка кирбеген жаштарды табуу мүмкүн эместей туюлат. Көпчүлүк жаштар бул сайттын мындай популярдуулукка ээ болушун сайта көңүл ачуунун бардык багыты камтылганы менен түшүндүрүшөт. «www.mail.ru дарегинде жакын достор, туугандар менен кабарлашып, дүйнөнүн башка бурчу менен байланышып гана тим болбостон музыка угуу видео көрүү жана башка көп мүмкүнчүлүктөрдүн болушу бул сайттын популярдуулугун көтөрүп турат»,-дешет көпчүлүк. Мындан сырткары эң көп ачылган сайттардын катарын odnoklassniki.ru, youtube.com, vkontakte.ru сайттары толуктайт. Бишкектин Батыш бөлүгүндөгү интернет кафелердин биринин администратору Таалай Жолдошевдин айтымында Кыргызстандын сайттарына көп эл кирбесе дагы жергиликтүү интернет баракчалардын ичинен эң көп колдонулганы катары diesel.elcat.kg сайтын эсептейт. Анкени бул сайт аркылуу реклама жүргүзүү эң ылайыктуу жана көп интернет колдонуучулар бекер эле жарыяларын таштай алышат дейт, Таалай Мырза. Мындан сырткары сурамжылоодо байкалгандай аз санда болсо да Кыргызстандагы маалыматтык агенттиктердин интернет баракчаларына кирген замандаштар да бар экен.

GOOGLE копчулуктун ДОСу Дүйнө жүзүнүн ар башка өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстанда да маалымат порталдарынын ичинен эң көп колдонулганы GOOGLE порталы болуп саналат. Сурамжылоо жүргүзүлгөн дээрлик бардык интернет кафелердин администраторлору жана интернет колдонуучулар белгилегендей google.com, gooogle,kg сайттары аркылуу алар өздөрүнө керектүү нерселерди интернеттен таап алышат. Кызыгы, кээ бир интернет колдонуучулар GOOGLE ду Досум деп атап коюшат экен. Мындан сырткары Бишкекте маалымат издөө булагы катары yandex.ru, yahoo.com, rambler.ru сайты дагы көп кодонулуп келет. Ал эми интернет аркылуу маалымат алган кээ бир замандаштар «дүйнөлүк желедеги» эң негизги маалыматтын булагы катары Wikipedia.org сайтын эсептешет.

Порно жана оюн сайттарына кирген замандаштардын саны аз эмес

Учурда интернет жеке эле таанышуу, маалымат алуу, же байланышуунун жолу эмес, жаман адаттарды үйрөнүүнүн жолу дагы болууда. Айрыкча кээ бир жеткинчектер интернет аркылуу порно сайттардын жана он-лайн оюндардын тузагына калууда. Бул багыттагы интернет баракчаларга кээ бир башы көрүнгөн интернет кафелерде кирүүгө тыюу салынып, а түгүл киргендер болсо айып салышса, кээ бир акчаны көп таап, көбүрөөк кардарларды тартууну каалаган интернет борборлору бул көрүнүшкө көз жуумуп келишет Аты сыр бойдон калуусун туура көргөн борбордогу интернет кафелердин бирөөсүнүн администратору мындай сайттарга киргендердин саны көп экендигин айтып, өзү иштеген кафеде эротикалык маанайдагы интернет баракчаларына чектөө коюлбагандыгын себебин көбүрөөк пайда түшүрүүнү көздөгөндүгү менен түшүндүрөт. «Эгер чектөө койсок, кардарлардын санын азайтып алышыбыз мүмкүн»,-дейт, ал.

Интернетке ким, канча коротот?

Кыргызстандык интернет колдонуучулар да интернет үчүн бир кыйла акчаны коротушат экен. Жогоруда айтылган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй бир айда өлкөдөгү 760 664 колдонуучунун 37% интернет үчүн 101 сомдон 500 сомго чейин, 20% 501 сомдон 1000 сомго чейин, 11% 1001 сомдон 3000 сомго чейин акча сарпташат. Ал эми өлкө боюнча колдонуучулардын 12% гана иш жерлеринде бекер интернет колдонушары аныкталган. Ошондой эле Кыргызстандык интернет колдонуучулардын 32% жумасына 3-4 саат интернете отурушса, 22% бир жумада 5-6 саат, 8% бир күндө 6 сааттан ашык убакытты интернет баракчаларын «барактоо» менен өткөрүшөт. Интернет адамды өзүнө көз каранды кылышы мүмкүн

Дүйнө жүзүндөгү кээ бир психологдордун билдирүүлөрүнө караганда интернетти туруктуу жана көп колдонгон адамдарда интернетке болгон көз карандылык пайда болушу мүмкүн. Бул көз карандылыктын алгачкы белгилери интернеттеги убакытты көзөмөлдөй албоо менен башталат. Интернет баракчаларына ашыкча кызыгып андан мына чыгам, ана чыгам деп башка ишин таштап интернетке сүңгүп кирип кетүү, ага болгон көз карандылыктын анык мисалы. Психологдордун айтымында интернетке көп кызыгуунун натыйжасында, адам чыныгы жашоодон алыстап виртуалдык жашоого кирип кетиши мүмкүн. Мындай учурда интернет колдонуучуну финансылык жактан чоң коротууларга дуушар кылышы ыктымал. Кээ бир маалыматтарга караганда учурда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулардын 10% интернет көз карандыларынын катарына кирет.

Кубат Касымбеков