Тынчтыкбек Чоротегин: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
6-сап: 6-сап:
1959-жылы 28-мартта Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы [[Эчки-Башы]] (Он-Арча) кыштагында туулган.
1959-жылы 28-мартта Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы [[Эчки-Башы]] (Он-Арча) кыштагында туулган.


1981-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) тарых факультетин аяктаган. 1983-1988-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жылдык стажировкада жана үч жылдык күндүзгү аспирантурада окуган. Илимий жетекчиси профессор (кийинчерээк академик) Бөрү Ахмедов [1] болгон.
1981-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) тарых факультетин аяктаган. 1983-1988-жылдары [[Ташкен|Ташкенде]] Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жылдык стажировкада жана үч жылдык күндүзгү [[аспирантура|аспирантурада]] окуган. Илимий жетекчиси профессор (кийинчерээк академик) Бөрү Ахмедов [1] болгон.


1994-1997-жылдары КУУнун докторантурасында окуган.
1994-1997-жылдары КУУнун докторантурасында окуган.
21-сап: 21-сап:
1991-жылдын апрелинен 1998-жылдын мартына чейин «[[Азаттык үналгысы]]нын» Бишкектеги кабарчысы, алгачкы бюро башчысы.
1991-жылдын апрелинен 1998-жылдын мартына чейин «[[Азаттык үналгысы]]нын» Бишкектеги кабарчысы, алгачкы бюро башчысы.


1998-жылдын апрелинен 2000-жылдын июлунун акырына чейин Лондондо Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын продюсери.
1998-жылдын апрелинен 2000-жылдын июлунун акырына чейин Лондондо [[Би-Би-Синин Кыргыз кызматы|Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын]] продюсери.


2000-жылдын июлунун акырынан - «Азаттык үналгысынын» Прагадагы башкеңсесинде иштеп келет (2003-жылдын 1-январынан тартып 2010-жылдын 30-сентябрына чейин анын директору болду).
2000-жылдын июлунун акырынан - «Азаттык үналгысынын» Прагадагы башкеңсесинде иштеп келет (2003-жылдын 1-январынан тартып 2010-жылдын 30-сентябрына чейин анын директору болду).

12 август 2011, саат 19:19 учурдагы нуска

Тынчтыкбек Кадырмамбетович Чоротегин (Чороев) - тарыхчы, журналист, публицист. Тарых илимдеринин доктору, профессор.

Профессор Тынчтыкбек Чоротегин. 18.7.2007.

Чакан өмүрбаян

1959-жылы 28-мартта Кыргызстандын Нарын облусунун Нарын районундагы Эчки-Башы (Он-Арча) кыштагында туулган.

1981-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин (КУУ) тарых факультетин аяктаган. 1983-1988-жылдары Ташкенде Өзбекстан Илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда эки жылдык стажировкада жана үч жылдык күндүзгү аспирантурада окуган. Илимий жетекчиси профессор (кийинчерээк академик) Бөрү Ахмедов [1] болгон.

1994-1997-жылдары КУУнун докторантурасында окуган.

Коомдук, саясий жана журналисттик ишмердиги

"Азаттык үналгысынын" туңгуч кызматкери жана мурдагы директору Азамат Алтай (1920-2006) "Азаттыктын" Прагадагы башкеңсесинде Тынчтыкбек Чоротегин (оңдо) менен. Прага шаары, Чехия. 2003-жылдын 6-июну.

1989-жылы 3-июнда негизделген Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатын уюштуруучулардын жана жетекчилеринин бири.

1990-жылы май айындагы Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын (КДК) уюштуруучуларынын бири, анын уставынын долбоорун даярдаган. 1990-жылы октябрда жумурияттагы коммунисттик жетекчиликке каршы саясий ачкачылыкка катышкан.


1991-жылдын апрелинен 1998-жылдын мартына чейин «Азаттык үналгысынын» Бишкектеги кабарчысы, алгачкы бюро башчысы.

1998-жылдын апрелинен 2000-жылдын июлунун акырына чейин Лондондо Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын продюсери.

2000-жылдын июлунун акырынан - «Азаттык үналгысынын» Прагадагы башкеңсесинде иштеп келет (2003-жылдын 1-январынан тартып 2010-жылдын 30-сентябрына чейин анын директору болду). Жыл сайын КУУда адистик сабак боюнча дарс окуп келди.

Чыгармачылыгы

Бир катар илимий монографиялардын (анын ичинде Махмуд Кашгаринин өмүрү менен мурасына арналган эмгектердин, калемдешип жазылган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” (1990) китебинин), калемдешип жазылган окуу китептердин, окуу куралынын, жүздөгөн макалалардын, чакан юмордук китепченин автору.

Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркия, АКШ, Британия, Франция, Германия, Чехия жана Франциядагы ар кыл илимий жыйындарга катышкан. Түштүк Сибирде (Эне-Сай, Алтайды), Монголияда, Казакстанда, Волга боюнда, Өзбекстандын Жизак, Самарканд аймактарында, Түркияда, Кытайда (анын ичинде Ички Монголияда жана Шинжан Уйгур автоном районунда) ж.б. жерлерде саякатта болгон.

Илимий эмгектери кыргыз жана орус тилдеринен башка англис, түрк, немис жана өзбек тилдеринде жарыяланган. Айрым англис тилиндеги эмгектерди (Хайек, МакНейл) кыргыз тилине которуп жарыялаган.

Анын илимий жетекчилигинде эки доктордук иш, үч кандидаттык иш жакталган.

Сыйлыктары

Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Өзбекстандын Ташкен облусунун жаштар сыйлыгынын ээси. Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык академиянын анык мүчөсү (1994), Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун сыйлыгынын ээси (1995). “Кыргыз Республикасынын Билим берүү отличниги” төш белгиси (2003) менен сыйланган.

Айрым эмгектери

  • Этнические ситуации в тюркских регионах Центральной Азии домонгольского времени: По мусульманским источникам IX-XIII вв. Бишкек: Фонд "Сорос-Кыргызстан", 1995. - 208 с. (Научный редактор Б.А.Ахмедов).
  • Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын “Дивану лугати-т-турк” сөз жыйнагы: (1072-1077). Жооптуу редактор Өмүркул Караев. – Бишкек: Кыргызстан, 1997. – 169 бет, сүрөт, карта. - (ISBN 5-655-01222-7)
  • Historiography of Post-Soviet Kyrgyzstan, in: International Journal for Middle East Studies, 2002, Vol. 34, p. 351-374 (USA); (2002 Cambridge Un-ty Press 0020-7438/02 )
  • The Kyrgyz Republic, in: The Turks (English language edition) / Edited by Hasan Celal Güzel, C. Cem Oguz, and Osman Karatay Published by Yeni Tu"rkiye Research & Publishing Center. Ankara, 2002. Hard cover, 6 volumes, 6000 pages, ISBN 975-6782-55-2. (this chapter is in the 6th vol.). http://www.unesco.org/culture/asia/
  • ‘The Kyrgyz’; in: The History of Civilisations of Central Asia, Vol. 5, Development in contrast: from the sixteenth to the mid-nineteenth century /Editors: Ch. Adle and Irfan Habib. Co-editor: Karl M. Baipakov. – UNESCO Publishing. Multiple History Series. Paris. 2003. - Chapter 4, p. 109 – 125. (ISBN 92-3-103876-1)
  • Учебники по истории кыргызов и Кыргызстана для 6-8 классов средних школ (Бишкек, 1996 – 2009). (в нескольких изданиях; в соавторстве с профессором Т.Н.Омурбековым).
  • Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке). (Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Кыргыз Жумуриятынын Конституциясынын долбоору: Альтернативдик долбоор. Проект Конституции Республики Кыргызстан: Альтернативный проект. – Бишкек, 1992. – (Авторы: Т.Тургуналы, К.Асаналиев, М.Керимбаев, Т.Чоротегин. На кыргызском и русском языках).

Шилтемелер

http://www.unesco.org/culture/asia/html_eng/volume5.htm


  • Asanov U.A., Jumanazarova A.Z., Chorotegin T. Kyrgyzskaya nauka v litsakh (The Kyrgyz Science In Faces). - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002. P. 499. - ISBN 5-89750-142-4
  • Gundula Salk. Die Sanjira Des Togolok Moldo (1860–1942). Wiesbaden. Harrassowitz Verlag. 2009. - S. 2-3. - ISBN 978-3-447-06161-2