Бойлош уулу Арстанбек: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
25-сап: 25-сап:


==Интернеттеги шилтемелер ==
==Интернеттеги шилтемелер ==
[http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/html/akyndar/jenijok/section34.html#title36 Жеңижок менен Арстанбектин учурашканы]<br />




31-сап: 32-сап:
[[Category:Кыргыз таануу]]
[[Category:Кыргыз таануу]]
[[Category:Кыргыз акындары]]
[[Category:Кыргыз акындары]]
[[Category:Акындар]]
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Персоналия]]
[[Category:Персоналия]]

6 сентябрь 2011, саат 13:42 учурдагы нуска

Арстанбек Бойлош уулу (1824-1878) - он тогузунчу кылымдагы кыргыздын чыгаан акыны жана ойчулу.

Өмүр таржымакалы

Түндүк Кыргызстандагы Теңир-Тоо өрөөнүндө (азыркы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу аймакта) жарык дүйнөгө келген. Тынымсейит уруусунан болгон.

Кээ бир илимий адабиятта анын атасынын ысымы "Буйлаш" деп да калпыс жазылып жүрөт.

Атасы Кокон ханы тарабынан Анжыянда тутулуп калганда, Анжыянга чейин барган.

"Заманачылар" салтынын негиздөөчүлөрүнүн (же улантуучуларынын) бири.

А.Бойлош уулунун "Тар заман" ыры терең философиялык ойлорду камтып, кыргыз поэзиясындагы сопулук (суфий) салтты өнүктүрүүдөгү маанилүү баскычтан болгон.

Арстанбектин чыгармалары Совет доорунда цензуралык тоскоолдуктун айынан эл арасында жашыруун аткарылган.

Эгемендик жылдары анын ырларын ээн-эркин жарыялап калышты.

Пайдаланылган адабияттар:


  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5–89750-028-2
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.

Интернеттеги шилтемелер

Жеңижок менен Арстанбектин учурашканы