Википедия:Портал:Биология: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
47-сап: 47-сап:
<p align="center"><font color="#FFFFFF" >'''Күндүн мыкты сүрөтү'''
<p align="center"><font color="#FFFFFF" >'''Күндүн мыкты сүрөтү'''
|}
|}
<div align=center>[[File:Adelaide Zoo Silver Gull - pelican enclosure.jpg|400px]]</div>
<div align=center>[[File:Aplysina archeri (Stove-pipe Sponge-pink variation).jpg|400px]]</div>
<div align=center> ''[[Chroicocephalus novaehollandiae]]'' </div>
<div align=center> ''[[Aplysina archeri]]'' </div>


|}
|}

29 сентябрь 2011, саат 10:53 учурдагы нуска

«Биология» порталына кош келиңиздер


Биология (грек тилинен bios - жашоо, тиричилик жана logos - илим) - тирүү жаратылыш жөнүндөгү илимдердин жыйындысы.

Ошону менен бирге эле биология жашоонун аспектилерин, башкача айтканда, функционалдаштыруу, өсүү, келип чыгуу, Эволюция жана Жер бетине тирүү организмдердин таралышын, алардын классификациясын, ошондой эле түрлөрдүн келип чыгышын жана айлана чөйрөдө өз ара аракеттенишүүсүн изилдөөчү илим.

Тандалган макала

Жумушчу кумурсканын түзүлүшү (Pachycondyla verenae)

Кумурскалар (лат. Formicidae) — Курт-кумурскалар уруусу. Коомчулукту түзүшүп жашашкан курт-кумурскалар, 3 кастадан (же стазадан) турушат: ургаачылар, эркектер жана жумушчу особдор. Ургаачы жана эркек особдордун канаттары бар, жумушчу особдор — канатсыз. Муруттары муунга бөлүнгөн, ургаачылардыкы жана жумушчу особдордуку 11—12 муунак, ал эми эркекткрдики болсо 12—13, кээ бир түрлөрдүкү 4-, 6-, жана 10 муунактардан турушат. Муруттун негизги бөлүгү (скапус) башкаларга караганда узунураак келет. төшүнүн артынкы бөлүгү (эпинотум) курсагынын биринчилик сегментин көрсөтүп, арткы төшү менен биригип турат. Негизинен курсагы эпинотум менен ичке бел менен биригип турат, 1 же 2 сегментти түзүшөт. Кумурскалар уясында үй-бүлөлөрү менен жашашат, уяларын - топуракта, таштардын астыларында, дарактарда жасашса, кээ бирлери өсүмдүктөрдүн калдыктары менен уюктарды түзүшөт. Паразитизм жолу менен жашашкан да түрлөр кездешишет. Булар башка түрдөгү кумурскалардын уюктарына киришип аларды «кулдарга» айландырышып жашашат. Мындай түргө кирген кумурскаларды кул кармоочулар деп да атап коюшат. Ал эми кээ бир түрлөр болсо адамдардын жашоо тиричилиги менен тыгыз байланышып, алардын чөйрөсүндө жашашат. Маданий өсүмдүктөрдүн оору козгоочуларына каршы күрөшкөн кумурскалар да болбой койбойт, мындай кумурскаларды дыйкандар атайлап талааларга коё беришет.(калганын окуу...)

Сиз билесизби...


  • Швед 100 кронунун бир жак бетинде, белгилүү швед натуралисти Карл Линнейдин (1707—1778) портрети, ал эми экинчи жагында болсо аарынын, гүлдү чаңдаштырып жаткан сүрөтү бар.




Күндүн мыкты сүрөтү

Бүтө элек макала

Жалбырак

Ботаникадада колдонулуучу термин. Өсүмдүктөгү жалбырактын негизги максаты фотосинтез процессин жөнгө салуу болуп саналат. Өсүмдүктөрдүн клеткаларында, айрыкча жалбырактардын, атайын пигменттер хлорофиллдер бар. Булар күндүн энергиясынын жардамы менен органикалык эмес заттардан органикалык заттарды пайда кылышат. Жалбырак ошондой эле дем алуу, транспирация жана Гуттация (сууну тамчылар менен жалбырактар бөлүп чыгарышат, көбүнчө тропик токойлорунда) процесстерине катышат. Жалбырактардын курамында суу жана көптөгөн заттар кездешишет. Ошондой эле жалбырак башка кызматтарды да аткарат.(калганын окуу...)

Белгилүү инсандар

Сизден жардам керек

Эгерде Сиз ботаникалык кесиптин ээси болсоңуз анда туура багытта бара жатасыз. Сиздин жардам бизге керек. Ботаника порталынын өнүгүшү Сиздин колдо. Өз макалаңызды кыргыз тилиндеги жападан жалгыз Ботаника порталына жайгаштырыңыз. Же болбосо эне тилибиздеги илимий макалаларды которууга жардам бериңиз. Учурдагы которууга муктаж болгон макалалалр төмөндөгүлөр: Эскертүү!!! Шилтемени бассаңыз эле жаңы макала баштоонун бети ачылат, бул оңой эле :)


Портал:Биологиянын өнүгүшүнө жардамыңызды аябаңыз