Карлук: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Кытай, араб жана перс булактары батыш-түрк империясы кулагандан кийинки түрк урууларынын топто..."
 
No edit summary
13-сап: 13-сап:
Бардык түрк элдеринин ичинен, албетте, карлуктар мусулман маданиятынын таасирине көбүрөөк кабылышы керек эле. Халиф Махдинин (775—785) тушунда эле карлук жабгу исламды кабыл алса керек деген маалымат ишенимсиз; бирок X кылымда жок дегенде эле Таластын чыгыш жагындагы бир нече шаарда чоң мечиттер болгон. Маданияттын таасири карлуктардын жашоо-турмушунан да көрүнүп турган, алардын арасында көчмөндөр менен аңчылардан сырткары жер иштетүүчүлөр да болгон. Бирок карлуктар башка түрк элдеринин, өзгөчө токуз-огуздардын кол салууларына көп кабылган, алар X кылымда бардык түрктөрдүн ичинде эң кубаттуусу деп эсептелинген; токуз-огуздардын көпчүлүгү ханы менен бирге манихей дининде болгон, бирок алардын арасында христиандар, буддисттер жана мусулмандар да болушкан. X кылымда токуз-огуздардын колунда башта карлуктарга таандык Барскан шаары тургандыгын көргөнбүз; андан сырткары Пенчул (окулушу күмөн) шаары, же азыркы Ак-Суу жөнүндө шаар карлуктардын карамагында болгондугу, бирок башкаруучусу токуз-огуздарга көз карандылыкта тургандыгы айтылат; кийин аны кыргыздар ээлеп алган. Ал мезгилде кыргыздар Енисейдин башталышында жашашкан, кытай маалыматтары боюнча ал жакка VIII кылымда эле ар бир үч жылда Кучадан жибек жүктөлгөн араб кербендери жөнөтүлүп турган. Соода алакасы кыргыздарды арабдар, карлуктар жана тибеттиктер менен жакындаштырган; балким, кыргыздар анда токуз-огуздарга каршы күрөштө карлуктардын союздашы катары чыгышкан жана өзүлөрүнүн азыркы мекени болгон Жети-Суунун бөлүгүн ээлешкен. Эмнеси болсо да кыргыздардын негизги массасы Жети-Сууга кыйла кеч көчүп келген. Эгерде кыргыздар Жети-Сууда Караханилер доорунда эле жашашса, анда алар сөзсүз түрдө исламды X же XI кылымда эле кабыл алышмак; бирок, биз кийинчерээк көргөнүбүздөй, алар XVI кылымда эле динсиздер деп эсептелишкен.

Акырында, карлуктардын ээликтеринин борбору Чүй өрөөнү да алардын душмандарынын колуна өткөн. 940-ж. айланасында кандайдыр бир «динсиз түрктөр» XI жана XII кылымдарда чоң роль ойногон Баласагун шаарын ээлешкен; X кылымдагы географтардан ал жөнүндө Макдиси259 гана жазып, аны «чоң, эли көп жана бай шаар» деп атаган. Башка жерде260 мен Баласагун Чүй өрөөнүндө тургандыгын далилдөөгө аракеттенгем; бизде анын жайгашкан жери тууралуу так маалыматтар жок. Бул мезгилде Чүй өрөөнүн ээлеген эл болжолдуу түрдө, ошол X кылымда эле Орто Азиянын батыш бөлүгүн бүт өз бийлигинин астына баш коштурган Караханилер сулалесинен чыккандарга окшошуп кетет. Биз эми ошол сулаленин тарыхына өтөбүз.
Акырында, карлуктардын ээликтеринин борбору Чүй өрөөнү да алардын душмандарынын колуна өткөн. 940-ж. айланасында кандайдыр бир «динсиз түрктөр» XI жана XII кылымдарда чоң роль ойногон Баласагун шаарын ээлешкен; X кылымдагы географтардан ал жөнүндө Макдиси гана жазып, аны «чоң, эли көп жана бай шаар» деп атаган. Башка жерде мен Баласагун Чүй өрөөнүндө тургандыгын далилдөөгө аракеттенгем; бизде анын жайгашкан жери тууралуу так маалыматтар жок. Бул мезгилде Чүй өрөөнүн ээлеген эл болжолдуу түрдө, ошол X кылымда эле Орто Азиянын батыш бөлүгүн бүт өз бийлигинин астына баш коштурган Караханилер сулалесинен чыккандарга окшошуп кетет. Биз эми ошол сулаленин тарыхына өтөбүз.

Булактар: Бартольд, Соч., т. II bizdin.kg
Булактар: Бартольд, Соч., т. II bizdin.kg

8 октябрь 2011, саат 07:04 учурдагы нуска

Кытай, араб жана перс булактары батыш-түрк империясы кулагандан кийинки түрк урууларынын топтору жөнүндө кыйла так элести түзүүгө бизге мүмкүнчүлүк берет. Империяны негиздеген уруулар түрк деген аталыштан сырткары, батыш-түрктөрдү он муунга бөлгөн кытайлык кабарга карабастан, чыгыштагы сыяктуу эле, батышта да огуздар же токуз-огуздар (тагы 'тогуз огуздар') деп аталышкан. Чыгыш Түркстандын эң чет бөлүгүндө мамлекет түптөгөн шато (мааниси 'талаанын') түрктөрүн кытайлар батыш-түрк мамлекетинен чыгарышат, арабдарда болсо бул түрктөр тугузгуздар б. а. токуз- огуздар деген ат менен белгилүү. Огуздардын башка бир бутагы батышка кетип калган жана борбору Сыр-Дарыянын төмөнкү агымында болгон мамлекет негиздешкен. Огуздардын уламышында алардын Жети-Сууда болгондугу тууралуу эстелик сакталып калган, ал боюнча Яфеттин уулу мифтик Түрк Ысык-Көлдүн жээктерин жердеген.

Жети-Сууда эки муунга— тохсийлер жана азийлерге (бул аталыштын окулушу ынанымсыз; орхон жазууларында эскерилген аз элдери менен азийлер окшош болушу мүмкүн) бөлүнүшкөн түргөштөр гана калган; VIII кылымдын экинчи жарымында Жети-Суудагы үстөмдүк карлук элине өткөн, бул учурда алардын негизги массасы Алтайдан кетишкен (карлуктардын алдыңкы бутагы жүз жылдыктын башында эле Аму-Дарыянын жээктерине жеткен). 766-ж. карлуктар Суябды ээлешкен жана борборун ушул жерге көчүрүшкөн; алардын падышасы джабгу титулун алып жүргөн, ал орхон жазууларында көп кездешкен ябгу титулу менен бир экендиги талашсыз. Ошентип, түрк империясы кулагандан кийин да Жети-Суу түрк элдеринин колунда калган жана арабдар да, кытайлар да басып алышкан эмес. Кытайлардын Батыш Түркстандын иштерине кийлигишүүсү 751-ж. араб кол башчысы Зияд б. Салихтен жеңилгенден кийин токтогон. Арабдар VIII кылымдын аягында карлуктарды Ферганадан сүрүп чыгуу менен чектелген; түндүк-чыгышта мусулман баскынчылары, биздин билишибизче, эч качан Таластан ары барышкан эмес.

Мусулмандардын куралдуу күчтөрүнүн ийгиликтерине караганда, соода жүргүзүүлөрдүн натыйжасында мусулман маданиятынын тынчтык жолу менен таралышы түрктөрдүн тагдырына алда канча зор таасир тийгизген. Мавераннахрдын калкы ар дайым соодага шыктуулугу менен айырмаланышкан жана ислам пайда болгонго чейин эле Орто Азиянын ар кайсы жерлеринде соода колонияларын негиздешкен; согдулардын колониялары ал гана эмес Чыгыш Түркстандын эң алыс жактарында, токуз-огуздардын аймагында болгон. Жети-Сууда согдулар белгилүү роль ойногондугу X кылымдагы персиялык географтын сөзү боюнча Кастек ашуусунун түндүгүндө жайгашкан Беклиг, же (башкача окулушу) Беклилигкыштагы согд тилинде Семекнааталышын алып жүргөндүгүнөн көрүнүп турат. Көпөстөрдүн артынан адатта Мавераннахрда таралган ар түрдүү диндердин жайылтуучулары жөнөшкөн, алардын арасында несториан багытындагы христиандар да болгон. Мусулман жазмакерлеринин далилдерине караганда Түркстандын көпчүлүк шаарларында христиан чиркөөлөрү болгон; Жети-Суудагы көчмөн элдердин бири, атап айтканда Ысык-Көлдүн жанында жашашкан жикилдер жөнүндө алардын арасында христиандар да болгондугу айтышат.

Мусулман авторлору Батыш Азиядан Кытайга Жети-Суу аркылуу өткөн соода жолдорун кеңири сүрөттөшөт жана бул жолдогу бир нече шаарды эскеришет, бирок аталыштардын көпчүлүк бөлүгүнүн окулушу ынанымсыз. Пишпектин жанында, болжолу Аламүдүн кыштагынын ордунда, Жуль шаары (балким түрк сөзү чуль —'талаа') болгон; мында Тараздан (Галас, Олуя-Ата) чыккан жол Ахсикеттен чыккан жол (б.а. Наманган уездинен чыгып, Каракол ашуусу аркылуу) менен кошулат. Чүй өрөөнүндөгү ири соода шаары Невакет же Невикет болгон, андагы жол эки бутакка алсыраган; бири Жел-Арык капчыгайы аркылуу Ысык-Көлдүн жээктерине, экинчиси түндүккө—Суябга кеткен. Жуль менен Невакеттин ортосундагы аралык 15 фарсах, б. а. 90 верстага жакын болгон; андыктан Невакетти Чүйдүн сол жээги менен өткөн жолдон Кара-Булакка жол ажыраган жерге жайгаштырууга болот. Бул жердин бардыгы карлуктарга таандык болгон; Ысык-Көлдүн жээктеринин көп бөлүгү карлуктардан бөлүнүп кеткен жикил элинин ээлигин түзгөн. Невакет менен капчыгайдын аралыгында карлуктардын лабан муунуна таандык дагы чоңураак соода кыштагы Керминкет (башкача окулушунда—Кумберкет) болгон; башкаруучусу кутегин-лабан титулун алып жүргөн. Капчыгай бул мезгилде эле Жуль аталган; тарыхчы Гардизи бул сөздүн мааниси 'тар' дегенди билдирет деп эскерет. Капчыгайдан 12 фарсах түштүк тарапта Яр шаары жайгашкан, ал 3000 аскер чыгарууга жөндөмдүү болгон; мында тексин титулун алып жүргөн жикил башкаруучусунун борбору болгон; көрсөтүлгөн аралык боюнча шаар Ысык-Көлдүн жээгинде, атап айтканда түштүк жээгинде болушу керек, анткени көл жолдун сол тарабында калган. Ярдан 5 фарсах жерде Тоң шаары, кейпи ушул аталыштагы суунун өрөөнүндө бөлгөн, азыр да көптөгөн урандылар көрүнүп турат. Тоңдон үч күндүк жолдо Барскан турган; бул эки шаардын аралыгында жикилдердин гана чатырлары кездешет. Шаардын аталышы, кьизы, Барскоон суусунун аталышында сакталып калган. Географ Кудаманын сөздөрү боюнча шаар бир топ—төрт чоң жана беш кичине кыштактан турган. Башкаруучу танак титулун, башка маалымат боюнча тебин-барсхан титулун алып жүргөн; шаар 6000 аскер чыгара алган. X кылымдагы персиялык географтын сөздөрү боюнча барскандык манак карлуктардан чыккан, бирок жашоочулар кийин токуз-огуздарга өтүп кеткен. Шаар Чыгыш жана БатышТүркстандын аралыгындагы соода жүргүзүү борбору катары олуттуу мааниге ээ болгон; түрктөрдүн санжыра, уламыштарында Түрктүн балдарынын бири Барскан деген атты алып жүрөт.

Ферганадан Барсканга түз жол да алып барган, атап айтканда ӨзгөндөнЯсы (Жазы) ашуусу аркылуу, Арпа өрөөнү менен Кара-Коюн, Ат-Башы жана Нарын дарыяларынын өрөөндөрү аркылуу өткөн. Кара-Коюн суусунун Ат- Башыга куйган жерине жакын дөбөдө Атбаш (азыр Кошой-Коргон урандылары) шаары турган, ал Ферганадан, Барскандан жана тибет ээликтеринен (Чыгыш Түркстанда) бирдей аралыкта (6 күндүк жол) болгон; тибет ээликтерине жол болжолу Торугарт ашуусу аркылуу өткөн. Атбаш менен Барскандын ортосунда бир да кыштак болгон эмес. Жети-Суунун түштүк бөлүгүн, аларга Кашкар да таандык болгон, ягма (токуз-огуздардын алдыңкы бутагы) эли ээлеп турган; карлуктар менен ягмалардын ортосундагы чек ара деп Нарын эсептелген.

Акырында Невакеттен Суяб аркылуу айланма жол да Барскан менен кошулган. Суяб Чүйдүн түндүк жагында, Невакеттен 3 фарсах аралыктагы тоолордун этегиндеги түргөштөрдүн жеринде, кыязы, азыркы Кара-Булак айылынын ордунда болгон. Башкаруучусу түрк хандарынын бирөөсүнүн бир тууганы болгон, бирок ялан-шах, б.а. «баатырлардын падышасы» деген арий титулун алып жүргөн; шаар 20 000 жоокер чыгара алган. Суябдан кеткен жолдо, Невакеттен 1 фарсах аралыкта 8 000 жоокер чыгара алган Пенлсикет шаары да болгон; Суябдын жанында ар биринин өзгөчө башкаруучусу бар үч кыштак да болгон. Ашуу (Кастек) өткөн тоолор түрктөрдө ыйык деп эсептелген; алардын ишеними боюнча бул кудай токтоочу жер болгон. Ашуунун түндүк тарабында Беклиг же Беклилиг шаары болгон, анын башкаруучусу бир маалымат боюнча Бадан-Сангу титулун, башкасы боюнча түрктөрдүн Йинал-тегин титулун алып жүргөн; анын 3 000 жоокери болгон; андан сырткары шаар 7000 жоокер чыгара алган. Кербендер Суябдан Барсканга чейинки жолду 15 күндө, а түрк почтасы—үч күндө өткөн. Болжолу, Кастек, Верный аркылуу Иле Ала-Тоосунун түндүк кырын бойлой Кызыл-Кыя ашуусу (Сан-Таш дөңсөөсүндөгү) аркылуу Караколго кеткен жол айтылса керек; арабдар көрсөткөн күндөр Токмоктон Караколго чейин Ысык-Көлдүн түндүк жээгин бойлоп барган аралык үчүн өтө эле көп. Бирок Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги жикилдердин ээлигинде, карлуктардын ээлиги менен чек арада чоң соода шаары Сикуль жайгашкан, болжолу, биз төмөндө көргөндөй, Тимурдун тушунда эле бар болгон Ысык-Көл шаары менен бир эле болсо керек.