Николай Римский-Корсаков: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''НИКОЛАЙ АНДРЕЕВИЧ РИМСКИЙ-КОРСАКОВ''' - белгилүү орус композитору, дирижер, педагог, коомдук и..."

No edit summary
12-сап: 12-сап:
1944-жылы Римский-Корсаковдун 100 жыл толгонуна байланыштуу Ленинграддагы Мамлекеттик консерваторияга анын ысмы коюлуп, эстелик тургузулган. Тихван шаарында үй-музейин ачуу жөнүндө, ошондой эле Римсий-Корсаков атындагы стипендия уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган. Азыркы учурда композитордун опералары мамлекеттик жана элдик театрлардын сахналарында коюлуп, симфониялык чыгармаларын, романстарын эң мыкты музыканттар жана ырчылар аткарууда.
e

== Өмүрүнүн акыры ==
== Өмүрүнүн акыры ==
Н. А. Римский-Корсаков 1908-жылы дүйнөдөн кайткан.

== Колдонулган адабияттар == РИМСКИЙ-КОРСАКОВ Н.А. // Кыргыз Совет Эициклопедиясы. - Ф., 1980. Т.6. - Б. 155; 3АЛКАР // Сов. Кыргызстан. - 1969. -18-март; Н. А. РИМСКИЙ-КОРСАКОВ // Кыргызстан маданияты. - 19-март. № 12. - Б. 6.

[[Categoru:Персоналия]]
[[Categoru:Персоналия]]

30 ноябрь 2011, саат 07:12 учурдагы нуска

НИКОЛАЙ АНДРЕЕВИЧ РИМСКИЙ-КОРСАКОВ - белгилүү орус композитору, дирижер, педагог, коомдук ишмер.

Өмүрү таржымалы

Н. А. Римский-Корсаков 1844-жылы 18-мартта Новгород губерниясындагы Тихван шаарында чиновниктин үй-бүлөсүндө туулган.1859-1960-жылдары пианист Ф. А.Каниллден билим алат да 1861-жылы «Кубаттуу топко» мүчө болуп кирип, М. А. Балакиревдин жетекчилиги менен 1-симфониясын жазган.

Кызматы

1871-жылы Петербург консерваториясынын профессору, 1874-81-жылдары акысыз музыкалык мектептин директору болуп иштеген.

Чыгармалары

Өзүнүн чыгармаларында улуттук мүнөздөрдүн галереясын түзүп, орус элинин сулуулугун, чыгармачылык кубатын, элдик поэзиянын табиятын даңазалаган. Ал «Псков кызы» (1960), «Падыша колуктусу» (1896) жана «Өлбөс Кащей» деген чыгармаларында деспоттук бийликтин бетин ачса, «Май түнү»,«Рождестводон мурдагы түнүндө» жакшылык менен жамандыктын ортосундагы күрөш чагылдырылган.

Роман жана опералары

Анын романстары жөнөкөйлүгү жана поэтикалык назиктиги менен айырмаланат.Орус фольклорунун түрдүү жанрларын: жомокту, былинаны (баатырлар жөнүндө ыр менен айтылган жомок), тарыхый лакаптарды, элдик элестерди жана ырым-жырымдарды кеңири пайдаланып, «Орустун элдик 100 ыры» жыйнагын < Падыша Салтан жөнүндө жомок», Аяз кызы» жана башка операларын жазган. Ошентип ал 15 опера түзүп, үч симфония, 80 ге жакын романс, үч кантата, «Шахрезада» сюитасын, музыкалык «Садко» картинасын мындан башка дагы музыкалык көптөгөн чыгармаларды жараткан. Ал жалаң гана музыка жазбастан мыкты педагог, гармония жана оркестровка боюнча баалуу китептердин, илимий макалалардын автору болгон.200 дөн ашык композиторлорду, дирижерлорду тарбиялап чыгарган. Алардын ичинде А. Глазунов, С. Прокофьев, Н. Мясковский, М. Баланчивадзе сыяктуу көрүнүктүү композиторлор бар.

Наамдары

1944-жылы Римский-Корсаковдун 100 жыл толгонуна байланыштуу Ленинграддагы Мамлекеттик консерваторияга анын ысмы коюлуп, эстелик тургузулган. Тихван шаарында үй-музейин ачуу жөнүндө, ошондой эле Римсий-Корсаков атындагы стипендия уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган. Азыркы учурда композитордун опералары мамлекеттик жана элдик театрлардын сахналарында коюлуп, симфониялык чыгармаларын, романстарын эң мыкты музыканттар жана ырчылар аткарууда.
e

Өмүрүнүн акыры

Н. А. Римский-Корсаков 1908-жылы дүйнөдөн кайткан.
== Колдонулган адабияттар == РИМСКИЙ-КОРСАКОВ Н.А. // Кыргыз Совет Эициклопедиясы. - Ф., 1980. Т.6. - Б. 155; 3АЛКАР // Сов. Кыргызстан. - 1969. -18-март; Н. А. РИМСКИЙ-КОРСАКОВ // Кыргызстан маданияты. - 19-март. № 12. - Б. 6.
Categoru:Персоналия