Жүгөн: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: arc:ܦܓܘܕܬܐ
м r2.6.5) (робот кошту: eo:Brido
24-сап: 24-сап:
[[de:Zaumzeug]]
[[de:Zaumzeug]]
[[en:Bridle]]
[[en:Bridle]]
[[eo:Brido]]
[[es:Brida (equitación)]]
[[es:Brida (equitación)]]
[[fi:Suitset]]
[[fi:Suitset]]

18 декабрь 2011, саат 00:10 учурдагы нуска

Бул — ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Жылкынын башына катылат. Ат жабдыктарынын өлчөмү ар кандай болот. Орточо жүгөндү колдон чыгаруу үчүн анын тумшугунун эки жагы 16 смден — 32 см, эки «ооздук» келүүчү жери 6 смден 12 см, жүгөндүн «оң жаагы» 33—35 см., «сол жаагы» 80—82 см., «сагак» 40—42 см, «сагакты илүүчү жери 14. см. болушу тийиш. Мында ат жабдыктык кайыштын жазылыгы көмөлдүрүк, коюшкан үчүн да бирдей 2—2,5 см. болуп тилинет.

Жүгөн

Күмүш чабылган жабдыктарындагы (көмөлдүрүк, куюшкан үчүн да) кайыш, булгаарынын жазылыгы менен жез, мис чөгөрүлгөн жабдыктардын эни бирдей эмес. Мисалы, азыр чеберлер жүгөнгө, көмөлдүрүккө, куюшканга жез чөгөрүүдө. Ошондо орточо жүгөндүн жаагы 52 — 54 см. мунун тумшугу 42—44 см. болушу керек. Кайык да, өрүм да ыкмасы менен бүткөн ат жабдыктарынын негизги бөлүктөрүнүн (жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан) жазылыгы үч см. ден ашпоого тийиш. Ооздук эки бөлүктөн турат да, эки чагамагы «жүзмө» аркылуу кайышка тутумдашат. Чагарактын айланасы 260° болуп, ооздуктун жагалмай канаты 9 см. келет. «Жүзмө» бекиген ушундай чагармагы бар шакекче аркылуу бири-бирине илише бекип, ойдогудай элпек кыймылга келип турган кош темир. Жүгөндүн башынын өлчөмүнө карай узартылып жана кыскартылып турат.

Кыз-келиндер токуна турган ат жабдыктарынын бөтөнчөлүктөрү өзүнөн-өзү кашкайып турат. Андай өзгөчөлүктөрдү атка катылган жүгөндөрдөн айрыкча баамдайбыз. Азыркы усталардын колунан тамган ат жабдыктар негизинен эркектерге таандык болуп эсептелет. Жүгөндөрдүн маңдайында «купасы» (көрчөгөсү) анын астында чачылары бар. Бул ушул эле жөнөкөй көрүнүшү аркылуу купулга толот.

Илгери көчмөңдүү турмушта кыз-келиндерибиз катынуучу жүгөндөрдүн тумшугу кадимкидей конус кейиптенген кичинекей күмүш калакчалары менен майда зымчалардан турган чачылары бар элечектин кыргак сымал шөкөттөрү тартылат. Аны ар бир зергер өзүнүн учкул «кыял» чабыттары менен таң калаарлык даражага жеткендей көркөмдөгөн. Жүгөндүн мындай көркөмдөлгөн тумшугу аттын чекесинен кыргакталып, эки кулактын ортосу аркылуу кежиге менен бириккен.

Шөкөттөргө айнек, асыл таштар чөгөрүлөт. Күмүш «топчулардын» беттерине «себет» төгүшөт. «Чапкылоо ыкмасы» менен из түшүрүшөт. Ал кооз оюм-чийимдер кайберендердин сөлөкөттөрү кейиптенет. «Бугу мүйүз», «марал мүйүз», «кулжа мүйүз», «куш канат», («ит куйрук»), «түлкү куйрук» өңдөнүп, күмүштү көркөмдөө өнөрүнүн жогорку четине жетет. Жүгөндүн маңдайында, эки жаагындагы купа томпоктоло кыр чыгарыла чабылат. Буюмдун маңдай «купасынын» төмөнкү четинде 6,5—7,5 см, чачы үстүндө үч см. «жүрөкчө» болот.

Жүгөндүн эле өзүндө бир нече бөлүктөрү бар. Тумшук, сагак, эки жаактан турат. Өрүмчүлөр буларды бири-бирине тутумдаштырууда «Тээк» (эки жыгач) коюп, өрүп кетет. Буга «тээк» коюп отурбай, өз ичинен эле өрүм чыгарып, өрүп кетүүгө да болот. Булардын ортолоруна «Тээк» коюлгандыктан катуу кайыштын өрүм аралары бошураак көрүнсө сүткө же сууга салып өрүлгөн. Муну кургак өрүүгө болот. Себеби, антпесе заводдун кайыш өрүмү өтө катуу болуп калат.

Тизгин — «Окуроо түйгөн ак тизгин, Кош колунда карышып» («Манас»). Бул — жүгөндүн бир бөлүгү. Мингичти башкаруу үчүн ак кайыштан эни 1,5—2 см дей, узуну 225—240 см дей тилет. Анын учтары ооздуктун эки жагындагы чагаракка «чаян түйүштөлө» байланат.

Маалыматтын булагы

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9