Бакчиев, Талантаалы: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "==Кыскача өмүр жолу== Бакчиев, Талантаалы (1971) Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү (2006), «Ма..."
(Айырма жок)

2 февраль 2012, саат 06:39 учурдагы нуска

Кыскача өмүр жолу

Бакчиев, Талантаалы (1971) Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү (2006), «Манас-мурас» коомдук фондунун мүчөсү, «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси (2010), «Манас эли» Коомдук бирикмесинин «Манас» төш белгисинин ээси(2010),«Манас» банкынын стипендианты, манасчы Бакчиев Талантаалы Алымбек-уулу Ысык-Көлдун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында (мурдагы Кара-Бөлтөк) 1971-жылы 2-декабрда туулган. 2010-жылдын июль-август айларында «41 күн бою «Манас» айтуу» Сөң-Көлдө откен иш чарасынын катышычуусу. Бугунун арыкмырза уруусунун сарыкалпак уругунан.

Манасчылык аяндын пайда болуусу

Талантаалы манасчылыкка 12-13 жаш курагында келет. Бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле ал кереметтүү түш аркылуу «Манас» айтып калат. Түшүндө: Чыйырды, Манас, Каныкей, Коңурбай, Алмамбет, Чубак, Ырамандын Ырчы уулу, Сыргак, Семетейлерге кабылган. Мына ошол алгачкы түштөрүнүн бирин, ал өзү төмөнкүчө баяндайт: «Адатгагыдай эле мен коюмду айдап, Жыргалаң суусунун боюна жайып чыктым. Түш оогондон кийин бир аз тамактанып, чычырканактын түбүнө ыксырап жатып, көзүм илинип кетиптир. Жыргалаңдан бери дебе ылдый мени эки адам жетелеп келип, суу боюндагы чоң ак боз үйдүн ичине түртүп, киргизип жиберишти. Тизелеп барып, отуруп калдым. Башымды көтөрүп, айланамды карадым. Коломтодо бүлбүлдөп күйгөн оттун жарыгынан улам, керегеде илинген илбирс, жолборс, аюунун терилерин жана алты кездей келген болот кылыч, капкадай кара калкандын илинип турганын даана көрдүм. Аңгыча, эки аял киши жаныма басып келип, колтугумдан сүйөй, төрдөгү жыгач тактанын үстүндө жаткан дырдай жылаңач наристенин жанына жетелеп келишти. Мунун бири Айкөлдү тапкан Чыйырды, экинчиси Айкөлдү Айкөл кылган айтылуу Каныкей энелер экенин баамдадым. Анан Каныкей: «О, айланайын кулунум, айла таппай курудум. Ойной турган чагымда, ооматым келген маалында, Айкөлдү жуттум мен шордуу. Олдо-бүлдө дүнүйө ай! Эми көкжалымдын белеги, эл- журтумдун желеги кыймылсыз жатат дени чок, эчкирсем угар киши жок» - деп, көзүнүн жашын көл кылып мага кайрылды. Эмнегедир ошол учурда мени кандайдыр бир күч башкаргансып, тактанын үстүндө жаткан баланын тулку боюн ушалап, оозун ачып, үйлөп кирдим. Үйлөгөн сайын менин оозуман көк нур чыгып, баланын оозуна кирип жатты. Айтор, канча убакыт өткөнүн билбейм. Бир убакта эки көзү ачылып, эмелеки кыймылсыз жаткан баланын денесине жан кирип, оозунан ак көбүк оргуштап чыгып жатты. Мен буркурап ыйлап, тактанын үстүнөн шыпырыльш барып, жердеги аюу талпактын үстүнө отуруп калдым. Аңгыча, башында карасы бар Каныкей эне кесе сунду. Мен жыгач кеседеги кымызды тартып жибердим: «Кагылайын каралдым, жомокчулукка жарадьң. Кайыптан бизге туш болдуң, карааны бийик куш болдуң. Ак бата бердик, кабыл ал, Айкөл атаң, эрдигин, ааламга ырдап, салгын жар! Эми биз тээтетиги аяшым Алмам түнөгөн мазарлуу дөбө Боз-Учукка барабыз» - деп, көздөн кайым болушту».
Кийинчерээк, чоң атасы Саякбай (аталаш) манасчы утур-утур түшүнө кирип, «Манас» айтууну үйрөүп турат. Анан өз колу менен бышкан койдун башын сунуп: «Ме айланайын, алагой, тилегиңе жетегой, аттуу-баштуу жомокчулардан бол!» - деп, батасын берет. Дагы бир түшүндө устаты Шаабай манасчы Талантаалыга үч кап таруу берет.
Т.Бакчиев классикалык түрдөгү манасчылардын улантуучусу, азыркы салттуу жаратман манасчылардын бири. Талантаалынын манасчылыкты аркалап калышына, залкар манасчы Саякбай Карала уулу менен жакын тууган болуп калгандыгы да себеп болушу мүмкүн. Ал устаты Ш.Азизовдун жанында 15 жылга жакын жүрүп, андан айтуучулуктун сырларын, «Манас» эпосунун классикалык мазмунун өздөштүрдү. Анын устаты Шаабай болсо, Шаабайдын устаты Саякбай. Ал эми Саякбайдын устаты Шаабайдын чоң атасы Чоюке болгон. Ошентип, Талантаалы тээ ата-бабадан бери келе жаткан жиптин азыркы учугу. Мындан сырткары, ал белгилуу манасчылар Кааба Атабеков менен Кубанычбек Алмабековдун өнөрканаларына күбөө болуп, бата алган.
Т.Бакчиев Республикалык, Бүткүлсоюздук, Эл аралык бир катар кароо-сынак, фестивалдардын катышуучусу, лауреаты, дипломанты болуп саналат. Ал 1988-жылы өткөн жаш төкмө акындардын, эпос айтуучулардын Республикалык кароо-сынагында 2-орунга ээ болгон. 1989-жылы Баку шаарында өткөн III Бүткүлсоюздук «Кавказ, Орто Азия, Казакстан жана Дагестандын жаш айтуучулары» аттуу фестивалынын лауреаты. 1994-жылы өткөн манасчылардын Республикалык телесынагында 2-орунга татыктуу болгон. 1995-жылы Бишкек шаарында өткөн «Ала-Тоо жазы - 95» Республикалык Студенттер фестивалында 1-орунду ээлеген. 2001 -жылы Санкт-Петербург калаасында өткөн «Что вижу - то пою» («Эмнени көрсөм, ошону ырга салам»), 2002-жылы Улан- Батор калаасында өткөн «Мелодии Шёлкового Пути», 2002-жылы Өзбекстанда өткөн «Воуsun Ваhori» («Бойсун көктөмү»), 2003- жылы Баку шаарында өткөн «Аsiya Ваугаmу» («Азия майрамы»), 2004-жылы Будапешт шаарында өткөн «Дүйнө элдеринин III фольклордук фестивалы» аттуу Эл аралык фестивалдардын лауреаты. 2006-жылы Соң-Көлдө өткөн «Соң-Көлдү Манас жердеген» аттуу Эл аралык кароо-сынакта 2-орунга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын акчалай сыйлыгы менен сыйланган. Ошол эле жылы Бишкек шаарында өткөн «Дүйнө элдеринин эпостору» аттуу Эл аралык фестивалдын, 2008-жылы Якутск шаарында өткөн «Шедевры Юнеско на земле Олонхо» Эл аралык фестивалдын дипломанты болуп табылган. 2001-жылы Утрехт университетинин, 2008-жылы Тилбург университетинин атайын чакыруусу боюнча «Манас» эпосун айтып, Голландия өлкөсүнө барып кайтат. 2010-жылдын июль айында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу автоном районуна барып, манасчы Жусуп Мамай менен жолугуп, ак батасын алып кайткан. 2010-жылдын август айында Алтай Республикасына барып, Манастын төрөлүп-өскөн жери Манас-Көл, Манас-Тоо, Ак- Саз деген жерге барып зыярат кылып келген.
1995-жылы Т.Бакчиевдин өзүнүн айтуусунда 6,5 басма табактан, 4617 сап ырдан турган «Манас» эпосунун ири окуяларынын бири болуп саналган «Алмамбеттин жомогу» аттуу окуясы, китеп болуп жарыкка чыккан. 2000-жылы Ж.Орозобекованын киносценарийи боюнча Швейцария менен Франциянын биргелешкен кинокомпаниялары тарабынан тартылган «Манасчы» деген даректүү кинотасмага «Гүлчоронун Үргөнч суусун кечиши» аттуу окуясы Т.Бакчиевдин айтуусунда тартылган. 2005-2006-жылдары Т.Бакчиевдин айтуусунда Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын «Алтын казынасына» «Манас» училтигинин «Манас» бөлүгүнөн «Чубак менен Алмамбеттин чатагы», «Семетей» бөлүгүнөн «Семетейдин Букардан Таласка келиши» аттуу окуясынан тартып, «Семетейдин төрт беренге аш бергени» деген окуяга чейин жаздырылып алынган. 2000-жылы «Кыргызпатент» тарабынан чыккан «Саамалык» ырлар жыйнагынын 1-китебине Т.Бакчиевдин айтуусундагы «Манас» эпосунун «Манастын ашы» аттуу окуясынан узунду, 2004-жылы Борбордун Азиядагы Америка университети тарабынан чыккан «КАФ, АУК, АУЦА - биздин үйүбүз» аттуу көркөм чыгармалар жыйнагында «Каныкейдин кошогу» аттуу окуясынан үзүндү жарык көргөн.
Т.Бакчиевдин манасчылык өнөрү тууралуу:' Г.Айтпаеванын Г.Байсабаеванын, С.Бегалиевдин, К.Дуйшалиевдин, голландиялык окумуштуу Ниенке ван дер Хейденин, Ш.Шакитовдун, А.Эгембердиеванын илимий эмгектери кыргыз, орус, англис тилдеринде жарык керген.
Ал 1991-1992-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Мамлекеттик филармониянын алдындагы фольклордук студиядан окуп, 1992-1995-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин «Кыргыз филология» факультетинен экстерн түрүнө окуп, артыкчылык диплому менен аяктайт.
1998-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана ПРООНдун «Устат-шакирт» аттуу долбоорунун алкагында, жаш манасчылар Алмаз Эгембердиев менен Улан Төлөгөновду тарбиялаган.
Т.Бакчиев манасчылык өнөрү менен эле бирге, илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, «А.Жакыпбектин адабият менен фольклордун кесилишиндеги чыгармачылык изденүүсү» аттуу темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон (2004). Анын жеке илимий изилдөө аракеттеринин негизинде: «Манастааным. Жомокчунун жолу» (2003), «Свяценный зов. Мнемоническое творчество жомокчу» («Аян. Жомокчунун жады чыгармачылыгы») (2005), «Ашымдын көөнөрбөс мурасы» (2006), «Шаабай» (2006), «Введение в Манасоведение» («Манастаанууга киришүү») (2008) аттуу илимий, публицистикалык, окуу китептери жана жыйырмадан ашуун илимий макалалары жарык көргөн. Т.Бакчиевдин бул илимий эмгектеринде манасчылык өнөрдүн келип чыгышы, калыптанышы, анын негизги озуйпалары, азыркы коомдогу ээлеген орду сыяктуу маселелер кеңири козголгон.

Сыйлыктары

«Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисинин ээси (2010), «Манас эли» Коомдук бирикмесинин «Манас» төш белгисинин ээси(2010),

Колдонулган адабият

Респубиликалык "МАНАС" жаштар ордосу, "Манасчылар" Б-2010ж.