Швейцария: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: bi:Switzerland
м r2.6.5) (робот кошту: or:ସୁଇଜରଲ୍ୟାଣ୍ଡ
164-сап: 164-сап:
[[nv:Swis Bikéyah]]
[[nv:Swis Bikéyah]]
[[oc:Soïssa]]
[[oc:Soïssa]]
[[or:ସୁଇଜରଲ୍ୟାଣ୍ଡ]]
[[os:Швейцари]]
[[os:Швейцари]]
[[pa:ਸਵਿਟਜ਼ਰਲੈਂਡ]]
[[pa:ਸਵਿਟਜ਼ਰਲੈਂਡ]]

3 февраль 2012, саат 12:37 учурдагы нуска

Швейцария же болбосо Швейцария конфедерациясы - Европа континентинде орун алган өлкө. Боробор шаары- Берн. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан.

Өлкөнүн аталышы:

Швейцариянын мамлекеттик тилдериндеги аталышы ар түрдүү. Мисалы немисче-Schweiz, французча-Suisse, италиянча-Svizzera, ромонжчо-Svizra -деп аталат. Швейцариянын расмий аталышы- Швейцария конфедерациясы - немисче-Schweizerische Eidgenossenschaft, французча-Confédération suisse, италиянча-Confederazione Svizzera, ромонжчо Confederaziun Svizra. Өлкөнүн аталышы XVI кылымда Швиц Schwytz кантонунун(облусунун) негизинде пайда болгон. Байыркы немис тилинен Schwytz аталышын кыргызчага которгондо "өрттөө" -дегенди билдирет. 972-жылы швейцариялыктар өздөрү жашаган Швиц айылындагы калктын тукум уланышына, жер өсүмдүктөрүнүн жакшы өсүшүнө кам көрүү максатында айылдын тегерегиндеги токойлорду ирээтеп, куураган бактарды дайыма өрттөп турушчу. Ошондон улам Shwytz (кыргызча-өрттөө)- деген аталышы пайда болгон. Кийинчирээк австриялыктар тарабынан Schwytz деген аты бурмаланып, азыркы учурда Швиц (немисче- Schweiz) деп айтылып келет. Кыргыздар арасында аталган мамлекет Швейцария -деген аталышы менен белгилүү.

Швейцариябы же Швейцария конфедерациясыбы?

Щвейцариянын латын тилиндеги аталышы — Confoederatio Helvetica. Бул аталышты щвейцариянын акчаларынан жана өлкөнун интернет доменинде көрүүгө болот(ch). Ошондой эле Щвейцариянын почта маркаларында дагы Helvetia- деген латын тилиндеги аталышы жазылат. Мындан тышкары "Хелветика конфедерациясы" -деген расмий жазуу темир акчаларда жана өлкөнүн борбор калаасы болгон Берн шаарындагы Өкмөт үйүнүн кире беришинде да сакталып калган. Мамлекет- "Швейцария Конфедерациясы" (фрацузча-Confédération suisse) катары биринчи жолу жалпы европалык "30 жылдык согуш" учурунда (1618-1648) кайсы бир немисче документте катталган. Бирок, бул аталыш ошону менен тез эле кеңири колдонулуп кеткен жок. XVIII-кылымга чейин расмий түрдө да, жөнөкөй учурда да "Хелветика корпусу", "Магна лигасы" жана "Хелветия" деп айтылып жүргөн. Щвейцария конфедерациясы- деген аталыш 1803-жылдын 19-февралында Наполеон Бонопарт тарабынан жазылган "Ортомчулук мыйзамында" да белгиленген эмес. Биринчи жолу "Щвейцария конфедерациясы" катары австриялыктар менен болгон согуштан кийин 1815-жылдагы "Швейцариянын биригүүсүнүн түбөлүк бейтараптыгы жана чек араларынын кол тийбестиги жөнүндөгү" декларациянын 15-беренесинде жазылган. Анткен менен 1948-жылы 22 кантон (облус) "Щвейцария конфедерациясын" түзүп, жаны кабыл алган Конституциясында кайрадан "Хелветика конфедерациясы" (Confoederatio Helvetica) - деп жазылып калган. Мезгил өткөн сайын "Хелветика конфедерациясы" деген аталышы аз колдонулуп отуруп, акыры 1999-жылы кабыл алынган Конституцияда расмий түрдө "Щвейцария конфедерациясы" аталды.


Тарыхы:

  1. Numbered list item
  1. Indented line