Шамал: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
(Айырма жок)

24 февраль 2012, саат 15:07 учурдагы нуска

шамал.jpg
шамалдын багыты.jpg
Файл:Шамал 3.jpg.jpg
шамал.jpg

Шамал-абанын жер бетине жарыш кыймылы;атмосфералык басымдын ар түрдүүлүгүнөн пайда болот.Басымдын кескин өзгөрүшүнөн жогорку басымдуу жерден төмөнкү басымдуу жерди карай согот.Бирок абанын кыймылына башка күчтөр (Жердин айлануусунун четтөөчү,сүрүлүү,борбордон четтөөчү күчтөр) да таасир кылат.Сүрүлүүнүн таасири абанын төмөнкү катмарында гана чоң. Бийиктеген сайын сүрүлүүнүн таасири азайып,шамалдын ылдамдыгы тездейт. Шамалдын узактыгы жана ылдамдыгы абанын басымынын өзгөрүшүнө жараша болот.Шамалдын багыты жана ылдамдыгы флюгер,анемометр сыяктуу куралдар мене өлчөнүп,м/сек,км/саат, кээде көз болжол менен аныкталып,балл менен туюнтулат. Жер шарынын айрым жерлеринде жергиликтүү циркуляцияга,рельефке байланшытуу жергиликтүү шамалдар пайда болот; мисалы: Кыргызстандын аймагындагы–санташ,улан,тоо-өрөөн шамалдары.Топоним же анын бир бөлүгү катары да кездешет,мисалы: Шамалдысай(шаарча,кыштак ж.б.),Шамалтийбес (суу,Кызарттын оң куймасы),Шамалтерек (кыштак) ж.б.

Колдонулган адабияттар