Садырбаев, Дооронбек: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап: 1-сап:
{| class="toccolours" style="float:right; margin: width:20em;
{| class="toccolours style="float: margin:0 0 0.5em 1em;20em;
[[File:DSC 1603.jpg|thumb|200px]]

[[File:DSC 1603.jpg|200px]]

|colspan=2 style="text-align:center;" |

|align="center" bgcolor="sky blue" colspan=2 style="font-size: small" |'''Жалпы маалымат'''

|colspan=2 style="text-align:center;" |

|'''Төрөлгөндө берилген аты:''' || Садырбаев, Дооронбек

|'''Туулган жылы:''' || [[1940]]-жылы 28-[[май]] 2008-жыл

|'''Туулган жери:''' || [[Апыртан айылы]], [[Жалал-Абат]],[[Кыргызстан]]

|'''Өлкө:''' || [[Кыргызстан]]

|'''Каза болгон жылы:''' || 28-май 2008-жыл (69 жашында)

|'''Каза болгон жери:''' || [[Кыргызстан]]

|'''Ишмердүүлүгү:''' || [[жазуучу, кинорежиссер]]

'''Садырбаев, Дооронбек''' ([[1939]] - [[28 май]] [[2008]]) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери.

'''Садырбаев, Дооронбек''' ([[1939]] - [[28 май]] [[2008]]) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери.

==Өмүрү таржымакалы==
==Өмүрү таржымакалы==

22 март 2012, саат 07:48 учурдагы нуска

Садырбаев, Дооронбек (1939 - 28 май2008) - кыргыздын чыгаан кинорежиссеру, жазуучусу жана коомдук ишмери.

Өмүрү таржымакалы

Дооронбек Садырбаев Кыргызстандын түштүгүндө, азыркы Жалал-Абат облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында (мурдагы "Бирлик" колхозунда)1940-жылы туулган. Аны урматтап "Доке" деп кайрылышаар эле. Анын классташтарынын бири кыргыздын коомдук ишмерлеринин бири Абдуразак Султанов болгонун Доке өзү эскергени бар. Атасы "Бирлик" колхозунун төрагасы болгон. Ал он төрткө чыкканда атасы 45 жашында оорудан каза болгон. Ошол айылда 7-класска чейин окуган. 7-классты бүткөндөн кийин райондун борборундагы №1 орто мектебине кирген. Ал жерде ынтымактуу окушкан, себеби: ар улуттун өкүлдөрү окуган. Мектеп жашында ал жакшы окуган жана орус-өзбек тилдерин жакшы өздөштүргөн. Ошентип 1957-жылы орто мектепти аяктаган. Кийин Бишкектеги (ал кездеги Фрунзе шаары) Медициналык институтка окууга тапшырган. Академик Иса Ахунбаев сыяктуу илимпоздордун дарсын уккан. 1958-жылы Москвадагы Кыргызстандын маданиятынын он күндүгүнө (декадасына) студенттик хордун өкүлү катары катышкан. Болочокку жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен да мединститута окуп жүрүп таанышкан.
==Эмгек жолу== Студент кезинен эле режиссердук жана кино өнөрү менен "ооруп" калган. 4-курстан мединститутту таштап, жаңы ачылган Кыргыз сыналгысына режиссердук ишке орношкон. Муратбек Рыскулов, Жамал Сейдакматова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу устаттар менен чогуу көптөгөн көркөм тасмаларды кыргызчага которууга катышкан, диктор катары тексттерди окуган. Дубляжда (тасмаларды которууда) Вячеслав Тихонов, Кирилл Лавров сыяктуу орусиялык "лөктөрдүн" үнүнүн котормосун Доке окуп жүрчү экен. Анын эскергенине караганда, бул иш ага дурус маяна табууга мүмкүндүк берип, чыгармачыл эркиндик алууга өбөлгө түзгөн. Ал режиссердук кылган даңазалуу "Махабат дастаны" тасмасы 1983-жылы тартылган жана кыргыз көрөрмандарынын жылуу баасына арзыган. Бул тасма жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытаар бир күн" романындагы бир окуяга негизделип тартылган. Ал өз замандаштары Төлөмүш Океев жана Болот Шамшиевдин кыргыз кино өнөрүндөгү улуу көчүн андан ары уланткандардын бири болду.

Эмгектеринин котормолору

Анын айрым юмордук аңгемелери (маселен, "Сатин көйнөк" - «Ситцевый бумеранг» аңгемеси) 30дан ашуун тилге которулган. Кыргыз акыны Алыкул Осмонов туралуу кинороманы Москвада орус тилинде чыккан. 1916-жылкы кыргыз көтөрүлүшү жана 1990-жылкы Оштогу улуттар аралык кагылышуу тууралуу эскерүүлөр камтылган даректүү тасма (орусча "Песня памяти")даярдаган.

Коомдук ишмердүүлүгү

1992-93-жылдары Чеченстанда, Иракта, Грузияда болгон. Жохар Дудаев, Гамсахурдия сыяктуу саясатчылар менен маек куруп, кийинчерээк алар тууралуу макалаларын кыргыз тилинде жарыялаган. Түркияда да "Ихлас фильм продакшн" кино студиясында иштеп, үйрөнчүктөргө кино өнөрү боюнча сабак берген учурлары болду. Кийинчерээк эл-жерине кайтып келип, 1994-жылдан 1995-жылга караган кышта оппозициячыл саясатчы катары шайлоого катышып, жеңишке жетишти. Ошондон тартып көзү өткөнчө ал Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (1995-2008) болгон. 2004-жылы ноябрда “Ата журт” деген оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири - мурдагы элчи жана мурдагы тышкы иштер министри Роза Отунбаева болгон).

Өмүрүнүн акыркы мезгили

2008-жылы 28-майда алтымыш тогуз жашында оорунун айынан каза тапкан.

Шилтемелер

http://www.azattyk.kg/content/article/1285205.html

http://www.azattyk.org/content/article/1278564.html

http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_Memorial_Meeting_Dooronbek_Sadyrbaev/1742996.html

http://www.pr.kg/gazeta/number390/282/

Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Садырбаев, Дооронбек
Туулган жылы: 1940-жылы 28-май 2008-жыл
Туулган жери: Апыртан айылы, Жалал-Абат,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Каза болгон жылы: 28-май 2008-жыл (69 жашында)
Каза болгон жери: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: жазуучу, кинорежиссер