Астана: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: ce:Астана
м робот кошту: lez:Астана
84-сап: 84-сап:
[[la:Astana]]
[[la:Astana]]
[[lb:Astana]]
[[lb:Astana]]
[[lez:Астана]]
[[lmo:Astana]]
[[lmo:Astana]]
[[lt:Astana]]
[[lt:Astana]]

27 март 2012, саат 23:47 учурдагы нуска

Астана (казак тилинен Астана - "борбор") - Казакстандын борбордук калаасы (Бештин айынын 10, 1997-жылы), 2009-жылындагы Баш оона айынын 1 караганда калктын саны 665,8 миңге барабар. Өлкөдөгү үч эң ири шаардардын тизмесинде 3-чү (Алматы менен Чымкент щаардардан кийин). Астанын мурунку аттары - Акмолинск (1830-1961), Целиноград (1961-1992), Акмола (1992-1998). Астана Ишим дариянын талаа сызыгында, Нурага эң жакынлышкан жерде, жайгашкан.

Тарыхы

Калаа жайгашкан жери - кербен жолдордун өтө (стратегиялык) кирешелүү кесилиши, мурунтан бери талаадагы көчмөндөрдү өзүнө тарткан. Шаардын четинде археологтор тапкандары - коло, эрте темир доордоруна жана орто кылымдарга таанык артефактылар. Эң негизги артефактылардын бирөөсү - Бозок шаарчасы, эрте орто кылымдардан (VII-VIII кк.) башатап Казак хандыгы дооруна (XV-XVI кк.) чейин иштеген эстелик.

Шаардын пай-дубалы 1830-жылы (Акмолинск атту) казак (орус дөөлөтү учурундагы аскердердин өзгөчө түрү) сепил катары коюлган. Негиздеткен - полковник Фёдор Кузьмич Шубин-экинчси, Бордино казатынын катышуучусу. Кийинчерек кичи сепил калаага чейин ирилешип кетти. 1997-жылына чейин Акмола аттка ээ болгон. "Акмола" сөзү казакчадан "Ак мүрзө" же "Ак мазар" деп которулат. Шаардан 20 чакырымда ал менен бир атту жергеси, жергиликтү бийдин мүрзөсү болгон жери. Борбордун ордун алмаштыруу учурунда шаардын атын да Астанага алмаштыруу чечим алынган (анын сөзмө сөз которулушу "башкы калаа").

Казакстандын биринчи борбору Оренбург калаасы (бүгүнкү күндө Орусия Федерациясынын курамында) болчу, кийинчирек 1925-жылы Кызыл-Ордого которулган. 1929-жылы республиканын борбору кайрадан которулган, эми Алматыга. 1997-жылдын Үчтүн айынын 10 Астана Казакстандын борбору катары расмий түрдө жарыяланды. Астанын дүйнөлүк коомчулукка жаңы борбор катары 1998-жылдын Кулжа айынын 10 таанылган.

Бүгүнкү күндө Астана бул өтө эле ири шаар, 200 чакырымдан2 ашкан аянты менен. 1999-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен Астана "Дүйнөнүн Шаары" наамы берилген. Борбордук калаа болгондон жана "Астана - жаңы шаар" атту өзгөчө үнөмдүк (экономикалык) майдан уюштурулгандан соң шаарда бир канча жаңы-замандык архитектурдук-шаар курулуш долбордор иш жүзүнө ашырыла башталды. Калктын саны 270 миңден (1996) 600 миңге (2006) өскөн.

Борбордук калаа наамына карабастан Казакстандын мурунку борбору, Алматы, азыркыга чейин инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Астанадан кем эмес. Азыркы учурда Алматы "Түштүк борбор" бейрасий наамга ээ.

Үнөмү (Экономикасы)

Шаардын чарбачылык өнүгүшүнө, 1931-1936-жылдарында курулган, Караталы атту темир жолу чоң таасирин берген. Астанада борбор боло электе Казакстандагы эң ири айыл-чарба унналарды чыгарган өнөр жайы - "Целинсельмаш", жана "Казахсельмаш" (мурунку КСРБнин 50-жылдыгынын заводу) шамал эрозияланган аймактарга атайлашкан айыл-чарба унааларда адистенген ишканасы. Андан тышкары башка өнөр жайдар бар: "Металист", насостук, вагон оңдотуу жана башка унаа жана темир иштетүүчү өнөр жайдар.