Амир Темир: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Тимур, Аксак Темир Көрөгөн (1336–1405) – Тимурийлер мамлекетинин негиздөөчү, барлас уруусунан чы..."
(Айырма жок)

7 апрель 2012, саат 09:01 учурдагы нуска

Тимур, Аксак Темир Көрөгөн (1336–1405) – Тимурийлер мамлекетинин негиздөөчү, барлас уруусунан чыккан кол башчы; 1370–1405-ж. өзү негиздеген мамлекеттин эмири. Шахрисабз шаарына жакын Кожоилгар кыштагында туулган. 1369–1389-ж. Мавераннахрдан Моголстанга (Теңиртоого) жортуул жасаган. Ооганстандын бир бөлүгүн басып алган. 1391 жана 1395-ж. Алтын Ордонун ханы Токтомушту талкалаган. 1393-ж. Багдадды жана Экидарыя аралыгын (Месопотамияны), 1398–99-ж. Индиянын түндүк бөлүгүн, 1401-ж. Сириянын да бир кыйла бөлүгүн ээлеген. Байтактысы Самаркан шаарында болгон. Кытайга жортуулга баратып, 1405-ж. 18-февралда Отрар шаарында каза болгон.

Колдонулган адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.