Төңкөрүш: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''РЕВОЛЮЦИЯ''' (латын- revolutio – төңкөрүш) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын ..."
 
No edit summary
5-сап: 5-сап:
[[Category: Тарых]]
[[Category: Тарых]]
[[Category: Илим ]]
[[Category: Илим ]]

'''Революция''' (лат. revolutio–бурулуш, төңкөрүш, кубулуу, кайрылуу) – коомдо же аң-сезимде (билүү, таануу) түп-тамырынан, терең, радикалдуу жаңылануу, сапат жагынан өзгөрүү; жаратылыштын өнүгүүсүндөгү секирик. Өз нугу менен жай өнүккөн [[эволюция]] жана коомдук баскычтын толук эмес системасын камтыган [[реформа]]дан айырмаланып, революцияда тез, түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Илимий термин катары алгач 1543-ж. Н. Коперниктин «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» («De revolutionibus orbium coelestium») деген эмгегинде, саясий мааниде 1660-ж. [[Англия]]дагы монархияны кайра калыбына келтирүү үчүн антимонархиялык кыймылды басууда колдонулган. Саясат таанууда социалдык жана саясий болуп бөлүнүп, социалдык Революцияда бир социалдык-экономикалык түзүлүш экинчисине; саясий Революцияда саясий режим алмашылат. Марксизмдин теориясы боюнча феодализмден [[капитализм]]ге өтүүдө (мисалы, 16-кылымдагы Нидерланды, 17-кылымдагы Англия, 18-кылымдын аягындагы Улуу француз, 1848–49-ж. Европадагы ж. б.) Революциялар буржуазиялык; капитализмден [[социализм]]ге өткөн (1917-жылдагы Улуу Октябрь револяциясы, [[Кытай]]дагы 1911-ж. Синьхай ж. б.) Революциялар социалисттик болуп эсептелет. Азыркы учурда чөйрөсүнө жараша геологиялык Революция (жаратылышта), экономикалык мааниде – неолит Революциясы, өнөр-жай Революциясы, маданий Революция, демографиялык Революция; саясатта – социалдык Революция, саясий Революция (коомдук); физика, биология, медицина, космология, ж. б. техника жаатында «илимий Революция»; ошондой эле «илимий-техникалык Революция» (илимде) сыяктуу түшүнүктөр да Революция деген термин менен белгиленет.

16 июнь 2012, саат 09:44 учурдагы нуска

РЕВОЛЮЦИЯ (латын- revolutio – төңкөрүш) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең сапаттык өзгөрүү (мис., геологиялык революция, өнөр жай, илимий-техникалык, маданий революция жана башкалар). Революция түшүнүгү көбүнчө коомдук өзгөрүүлөрдү мүнөздөө үчүн колдонулат. Бул түшүнүк – өнүгүүнүн диалектикалык концепциясынын ажырагыс бөлүгү. Ал сандан сапатка өтүү мыйзамынын ички механизмин ачат. Революция өнүгүүдөгү үзүлүү жана сапаттуу секирик дегенди билдирет. Революция эволюциядан жана реформадан айырмаланат, бирок алар менен өтмө катар байланышта болот.

Адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Революция (лат. revolutio–бурулуш, төңкөрүш, кубулуу, кайрылуу) – коомдо же аң-сезимде (билүү, таануу) түп-тамырынан, терең, радикалдуу жаңылануу, сапат жагынан өзгөрүү; жаратылыштын өнүгүүсүндөгү секирик. Өз нугу менен жай өнүккөн эволюция жана коомдук баскычтын толук эмес системасын камтыган реформадан айырмаланып, революцияда тез, түп-тамырынан бери өзгөрүү жүрөт. Илимий термин катары алгач 1543-ж. Н. Коперниктин «Асман сфераларынын айланышы жөнүндө» («De revolutionibus orbium coelestium») деген эмгегинде, саясий мааниде 1660-ж. Англиядагы монархияны кайра калыбына келтирүү үчүн антимонархиялык кыймылды басууда колдонулган. Саясат таанууда социалдык жана саясий болуп бөлүнүп, социалдык Революцияда бир социалдык-экономикалык түзүлүш экинчисине; саясий Революцияда саясий режим алмашылат. Марксизмдин теориясы боюнча феодализмден капитализмге өтүүдө (мисалы, 16-кылымдагы Нидерланды, 17-кылымдагы Англия, 18-кылымдын аягындагы Улуу француз, 1848–49-ж. Европадагы ж. б.) Революциялар буржуазиялык; капитализмден социализмге өткөн (1917-жылдагы Улуу Октябрь револяциясы, Кытайдагы 1911-ж. Синьхай ж. б.) Революциялар социалисттик болуп эсептелет. Азыркы учурда чөйрөсүнө жараша геологиялык Революция (жаратылышта), экономикалык мааниде – неолит Революциясы, өнөр-жай Революциясы, маданий Революция, демографиялык Революция; саясатта – социалдык Революция, саясий Революция (коомдук); физика, биология, медицина, космология, ж. б. техника жаатында «илимий Революция»; ошондой эле «илимий-техникалык Революция» (илимде) сыяктуу түшүнүктөр да Революция деген термин менен белгиленет.