Аскорбин кычкылы: нускалардын айырмасы
м Zhanyl90 moved page Аскорбин кислотасы to Аскорбин кычкылы |
No edit summary |
||
1-сап: | 1-сап: | ||
[[File:Ascorbic-acid-3D-vdW.png|250px|thumb|right|Аскорбин |
[[File:Ascorbic-acid-3D-vdW.png|250px|thumb|right|Аскорбин кычкылы]] |
||
'''Аскорбин |
'''Аскорбин кычкылы''' - (С витамини) [[Организм|организм]]деги кычкылдануу калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашуу процессинде негизги роль ойнойт. С витамининин жетишсиздигинен кан тамырлардын капталдарынын өткөргүчтүгү артып, кемирчек, сөөк тканы бузулуп, цинга оорусу пайда болот (к. Витамин жетишсиздиги). Аскорбин кислотасы киши [[Организм|организм]]инде пайда болбойт жана топтолбойт. Ошондуктан С витамининин керектүү өлчөмү (суткасына чоң кишилерге 50—100 мг, балдарга 30— 70 мг) тамак менен келиши керек. С витамини негизинен жемиштерде, жашылча-мөмөлөрдө көп. Бул витаминге күнүмдүк талапты капуста, картошка, көк пияз, томат менен тамактануу толуктайт. С витамини көбүнчө ит мурундун ашында (100 г кургатылган ит мурун ашында 1500 мгга чейин), кызыл мурчта (250 мг) болот, чычырканактын ашында, апельсинде, лимондо да көп; жаныбардан алынган азыктарда өтө аз. |
||
[[File:L-Ascorbic acid.svg|250px|thumb|right]] |
[[File:L-Ascorbic acid.svg|250px|thumb|right]] |
||
16 июль 2012, саат 07:10 учурдагы нуска
Аскорбин кычкылы - (С витамини) организмдеги кычкылдануу калыбына келүү, зат алмашуу, айрыкча белок алмашуу процессинде негизги роль ойнойт. С витамининин жетишсиздигинен кан тамырлардын капталдарынын өткөргүчтүгү артып, кемирчек, сөөк тканы бузулуп, цинга оорусу пайда болот (к. Витамин жетишсиздиги). Аскорбин кислотасы киши организминде пайда болбойт жана топтолбойт. Ошондуктан С витамининин керектүү өлчөмү (суткасына чоң кишилерге 50—100 мг, балдарга 30— 70 мг) тамак менен келиши керек. С витамини негизинен жемиштерде, жашылча-мөмөлөрдө көп. Бул витаминге күнүмдүк талапты капуста, картошка, көк пияз, томат менен тамактануу толуктайт. С витамини көбүнчө ит мурундун ашында (100 г кургатылган ит мурун ашында 1500 мгга чейин), кызыл мурчта (250 мг) болот, чычырканактын ашында, апельсинде, лимондо да көп; жаныбардан алынган азыктарда өтө аз.
С витамини сууда жакшы эрийт; витаминдердин ичинен эң туруксузу бат кычкылданат. Жашылчаны бышырганда С витамининин А бөлүгүнө жакыны жоголот. Тамакты жылытуу жана узакка сактоодо витамин азаят. Азыктарды ачытууда С витамини жакшы сакталат. Тоңдурулган мөмө менен жашылчаларды эриткенде С витамини туруксуз болуп калат, ошондуктан эриген продуктуларды тез тамакка колдонуу керек. С витамини жазында көк пиязда жана бул витамин жакшы сакталуучу консерваланган кээ бир азыктарда, мисалы, томат-паста, көк буурчакта көп болот. СССРде С витамининин биологиялык баалуулугун көтөрүү жана С витамининин жетишсиздигин алдын алуу үчүн балдар мекемелеринин, оорукананын, төрөт үйлөрүнүн тамактары витаминдештирилет. Өнөр жайда 0,5 жана 2,5 г аскорбин кислотасы бар таблеткалар чыгарылып, ал даяр тамакты витаминдештирүүдө колдонулат. Бул витамин сууда эрүүчү витаминдерге кирет.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8