Абу Райхан ал-Бируни: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот өзгөрттү: tt:Әбү Рәйхан әл-Бируни
м r2.7.2) (робот кошту: et:Al-Bīrūnī
38-сап: 38-сап:
[[eo:Al-Biruni]]
[[eo:Al-Biruni]]
[[es:Al-Biruni]]
[[es:Al-Biruni]]
[[et:Al-Bīrūnī]]
[[fa:ابوریحان بیرونی]]
[[fa:ابوریحان بیرونی]]
[[fi:Al-Biruni]]
[[fi:Al-Biruni]]

18 июль 2012, саат 17:44 учурдагы нуска

Берину, Бируни Абу Райхан (979, Хорезмден алыс эмес Кят деген жерде туулган–1048) – орто азиялык илимпоз-энциклопедиячы, ойчул. 160тан ашуун илимий эмгектери болгон. «Геодезия», «Минерология», «Хронология», «Индия», «Масуд Канону» жана башка «Хронология» деген эмгегинде дүйнөдө биринчилерден болуп, Батыш жана Чыгыш өлкөлөрүндө колдонулган жыл санактар системасы, алардын өзгөчөлүгү, түрдүү элдердин үрп-адаты, салт-санаасы терең изилденген.

Беруни грек, латын, араб, фарсы, түрк, хинди, жана башка тилдерди өздөштүргөн. Байыркы замандын окумуштуулары (Пифагор, Сократ, Платон, Аристотель, Гален, Птоломей) жөнүндө илимий эмгектерди жазган. Анын эмгектери табият таануу жана коомдук илимдердин тармактарын изилдөөгө багытталган.

Берину поляк окумуштуусу Николай Коперниктен дээрлик 500 жыл мурда эле асман телолорун, аалам түзүлүшүн, күн системасын окуп үйрөнүп, жер шар формасында экендигин жана ал өз огунда айлануу менен күндү тегеренип жүрөт деген тыянакты илимий түрдө далилдеген. Д. Менделеевден 1000 жыл мурда көптөгөн металл, минерал жана химиялык заттардын салыштырмалуу салмагын изилдеп, так эсептеп чыккан.

Биринчилерден болуп жер шарынын радиусун эсептеп чыгып, ал 40 миң км түзөт деп жазган жана Жер шарынын глобусун жасаган. Анын пикири боюнча, күн бул жанып турган от. Ал бөлүп чыгарган нурдун ылдамдыгын билүү өтө кыйын, аны үндүн гана ылдамдыгына теңеп билүүгө мүмкүн. Бирок ал андан да чоң ылдамдыкта жүрөт деп эскерткен.

Тарых илими боюнча да бир канча эмгектеринде 7-кылымдагы Муканнанын көтөрүлүшү, карматтар кыймылы жөнүндө маалыматтар камтылган. Кыргыздарды тили боюнча түрк элдерине кошуларын жана өздөрүнүн падышасын кан же хан деп аташарын эскерткен. Анын эмгектери англис, араб, орус, өзбек тилдерине которулган.


Колдонулган адабият

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер