Венеция: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.2) (робот кошту: als:Venedig
м r2.7.2+) (робот кошту: gd:Venezia
131-сап: 131-сап:
[[fy:Feneesje (stêd)]]
[[fy:Feneesje (stêd)]]
[[ga:An Veinéis]]
[[ga:An Veinéis]]
[[gd:Venezia]]
[[gl:Venecia - Venezia]]
[[gl:Venecia - Venezia]]
[[he:ונציה]]
[[he:ונציה]]

1 август 2012, саат 10:34 учурдагы нуска

Венеция
итал. Venezia
вен. Venesia
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Италия

Жорджо Орсони

Тарыхы жана Географиясы
Аянты

412

Калкы
Калкынын саны

270 439 (2009-жыл)

Жыштыгы

адам/км2

Агломерациясы

304 674

Улуттук курамы

италиялыктар, венециялыктар

Диний курамы

католиктер

Этнохроним

венециандар

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+1

Телефон коду

+39 41

Почта индекси

30100

http://www.comune.venezia.it/

Венеция (итал. Venezia, вен. Venesia) — Түндүк Италиянын Адриатикалык деңиздин боюнда жайгашкан шаар. Шаардын тарыхый бөлүгү аралдарда жана суу өзөндөрүнө жайгашышы боюнча дүйнөгө белгилүү. Орто кылымдарда Венеция Жер ортолук деңиз мамлекеттеринин бири болгон Венеция республикасынын борбору болуп саналган. Учурда туристердин жана өнөр жай ишканаларынын ири борбору болуп саналат. Калкынын саны — 270,4 миң адам (2009-жыл).

Географиясы

Венециянын асмандан көрүнүшү

Адриатикалык деңиздеги порт - жылдык товар алмашуу көлөмү 21 млн тоннаны түзөт; Марко Поло Эл аралык аэропорту.

Венециянын тарыхый бөлүгү Венедик булуңунун 118 аралдарында жайгацып, 150 арыктар менен бөлүнүп, болжолдуу 400 көпүрөлөр менен биригип турат. Алардын ичинде Риальто жана Вздохов көпүрөсү, эки көпүрө тең XVI кылымга таандык.

Венециянын өнөр-жай жана порттук бөлүгү (Местре) материктик болуп саналат. Кеме куруу жана кеме оңдоо, түстүү металлургия, кара май өндүрүү, химиялык, электротехникалык, жеңил өнөр-жайы. Венецияда кол өнөрчүлүгү абдан жакшы өнүккөн, бул жерде, айнектен жасалган буюмдар (Мураноаралы; музей), токулмалар (Бурано аралы), мозаика жана башка көптөгөн буюмдарды табууга болот. Ошону менен бирге эле Университет, консерватория (1916) бар. Биринчилерден болуп ачылган (16371812) опера театры, «Фениче» (1792) театры орун алган

Аралдуу Венеция - деңиз курорту, эл аралык маанидеги туризмдин борбору, эл аралык кинофестивалдар, көркөм жана архитектуралык көргөзмөлөрдүн очогу. Шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт болуп - моторлуу кайыктар, гондолалар жана баржалар. Венецияда калктын көчүп келиши болжол менен б.д.ч. V кылымга туура келет. Ал эми шаарга массалык отурукташуу IX кылымга таандык. IXX кылымдардан XVI кылымга чейин - Батыш Европа жана Чыгыштын ортосундагы соода жүргүзүү борбору болуп саналган. Орто кылымдарда жана 1797-жылга чейин көптөгөн аймактарды ээлеп республика башында [[дож] турган. Ал эми 17971805 жана 18151866-жылдары, Венеция Австриянын карамагына өткөн. Арыктардын жана ийри көчөлөрдүн бойлорунда жайгашкан чиркөөлөрү жана сарайлары кымбат баалуу декоративдик кооздоолор менен кооздолгон. Борбордук аянт болгон Сан-Марко аянтында - Ыйык Марктын мунарасы (IXXV кылым), Дождор сарайы (XIVXVI кылым), Сан-Марконун эски китепканасы (XVI кылым), диний бир туугандык сарайлары, майда сиркөөлөр жайгашышкан. Шаар жана Венедик булуңу Дүйнөлүк мурас тизмегине киргизилген.

Административдик бөлүнүшү

Шаардын аймактарынын схемасы
Шаардын аймактарынын схемасы
Венеция үйлөрүнүн чатырлары жана балкондору
Венеция үйлөрүнүн чатырлары жана балкондору

Венециянын чоң каналы

Риальто көпүрөсү

Венециан Canalazzo, Гранд-канал (Canal Grande), S-формасын түзүп Венециянын борборунан эски нугунда агат. Анын жээктеринде Орто кылымдарда эле түзүлгөн 6 административдик аймактар (sestieri) жайгашышкан.