Чолпон: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м робот кошту: gn:Mbyja Ko'ẽ
м r2.7.2+) (робот өзгөрттү: mg:Venosy
139-сап: 139-сап:
[[map-bms:Venus]]
[[map-bms:Venus]]
[[mdf:Циле]]
[[mdf:Циле]]
[[mg:Venus]]
[[mg:Venosy]]
[[mhr:Чолпан]]
[[mhr:Чолпан]]
[[mk:Венера (планета)]]
[[mk:Венера (планета)]]

4 август 2012, саат 02:43 учурдагы нуска

Чолпон
Жалпы маалымат
Экваториалдык радиусу 6051,8 ± 1,0 км
Бетинин аянты (S) 4,60×108 км²

0,902 жер аянтынан

Көлөмү (V) 9,38×1011 км³

0,857 жер көлөмүнөн

Массасы (m) 4,8685×1024 кг

0,815 жер массасынан

Орточо тыгыздыгы (ρ) 5,24 г/см³
Өз огун айлануу убактысы 243,0185 күн
Күндү айлануу убактысы 224,70069 күн

Чолпон(орусча Вене́ра) — Күн системасынын экинчи планетасы.

Чолпон планетасы өзүнүн чоңдугу боюнча Жерден бир аз гана кичине. М.В.Ломоносов анын атмосферасы Жердин атмосферасына салыштырганда бир кыйла тыгыз деп туура айткан.

Планетанын атмосферасынын 97%ин көмүркычкыл газы (СО2), 2%ин азот, 0,01%ин кычкылтек ж-а 0,05%ин суу буусу түзөт. Атмосферасы Марстыкына окшош. Чолпондун бетинин температурасы 500°Сге (750 К) чейин жетет. Анын атмосферасынын төмөнкү катмарында жана анын бетинде температуранын жогору болушу, «парник эффектиси» менен түшүндүрүлөт. Күн нурунун энергиясы анын төмөнкү катмарына жутулат да, кайра инфра нур түрүндө нурланып, көчөттөр тигилген парникте жылуулук кармалган сыяктуу, анын атмосферасынын тыгыз катмарында сыртка чыга албай кармалып калат. Натыйжада, планетанын бетинин жана бетине жакын жайгашкан атмосферасынын катмарында жылуулук жогорулайт. Чолпон планетасынын бетинен улам бийиктеген сайын, анын температурасы төмөндөп, стратосферасында суутек газы өкүм сүрөт.

Көптөгөн радиолокациялык байкоо жүргүзүүнүн натыйжасында планетанын радиусу 6052 км, орточо тыгыздыгы 5,24 г/см3га барабар экендиги аныкталган.

1992-ж. «Магеллан» планеталар аралык автоматтык станциялардын жардамы менен тартылып алынган сүрөттөрдө Чолпон планетасынын бети Жердики сыяктуу жанар тоолордон жана чуңкурчалардан турары белгилүү болгон. Алардын эң бийик жери 25 км, диаметри 90 кмден ашык. Ал эми чуңкурчалардын диаметри 500 кмге чейин жетет. Планетанын көптөгөн мүнөздөмөлөрү Жердикине окшош болгондуктан ал планета Жер тибиндеги планеталардын катарына кирет.

Күндөн Чолпонго чейинки орточо аралык 108 млн.км же 0,7 астрономиялык бирдикке (а.б.) барабар. Күндүн айланасында айлануу мезгили 225 сутка. Төмөнкү биригүү учурунда Жерге 40 млн. кмге чейин жакындайт. Айлануунун сидерикалык мезгили 224,7 сутка, айлануунун синодикалык мезгили 243 сутка. Орбита боюнча айлануусунун орточо ылдамдыгы 35 км/сек.

Чолпон кечинде Күн баткандан кийин же таң заарында көрүнөт. Чолпон асмандагы Күн менен Айдан кийинки эң жарык жылдыз. Диаметри – 12 100 км (Жердин диаметринин 95%и, массасы 4,9•1024 кг же Жердин массасынын 81,5%ине барабар же Күндүн массасынын 1/408400ин түзөт. Орточо тыгыздыгы – 5,2 г/см3, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу – 8,6 м/сек2 (Жердикинен 90%и.).

Чолпон өтө татаал рельефтүү планета. Чолпондун табигый жандоочулары жок. Жасалма жандоочулары – «Венера-9» ж-а «Венера-10» (1975-ж. окт. чыгарылган советтик автоматтык станциялар), «Пионер – Венера - 1» (1978-ж., дек. чыгарылган амерерикалык космос аппараты).

Колдонулган адабияттар

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек.
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов.