Самын: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "thumb|300px|Самын thumb|300px|Ар башка түстөгү самындар Самын- [[Суу|сууда..."
 
No edit summary
1-сап: 1-сап:
[[Файл:Tualetsapo.jpg|thumb|300px|Самын]]
[[Файл:Tualetsapo.jpg|thumb|300px|Самын]]
[[Файл:Soap-Decorative.jpg|thumb|300px|Ар башка түстөгү самындар]]
[[Файл:300px-Soap-Decorative.jpg|thumb|300px|Ар башка түстөгү самындар]]
Самын- [[Суу|сууда]] эрүүчү жуучу масса (бөлүкчө же коюуу суюктук).<br />
Самын- [[Суу|сууда]] эрүүчү жуучу масса (бөлүкчө же коюуу суюктук).<br />
== Самындын курамы ==
== Самындын курамы ==

16 август 2012, саат 08:39 учурдагы нуска

Самын
Ар башка түстөгү самындар

Самын- сууда эрүүчү жуучу масса (бөлүкчө же коюуу суюктук).

Самындын курамы

Самын жасоодо негизги сырьё мал жана өсүмдүк майлары, синтетикалык май кислоталары, жегичтер жана башкалар болуп эсептелет.

Бөлүнүшү

Пайдаланышына карата

  • кир самын жана
  • атайын (мисалы, дарылоочу) самын, ошондой эле
  • катуу,
  • суюк жана
  • күкүм түрүндө болот.

Кир самын

Кир самын (чала кургатылган катуу) үй шартында колдонуу үчүн май кислоталары 70—72% кошулуп жасалат. Ал май аралашмасынан (күн карама, пахта, буурчак жана башкалар), өсүмдүк майларын гидрогендеп алынган катуу май, синтетикалык май кислоталарынан, суюк өсүмдүк майынан жана канифолдон жасалат. Самын эритмесинде дайыма аз өлчөмдө жегич (шакар) болуп, ал кир жууганда жүн жана жибек (жасалма жана накта) жипти жеп жиберет, ошондуктан жүн жана жибек кездемени синтетикалык каражаттар менен жууган ылайык. Кир самын менен колду, денени жана башты жуушка болбойт.

Атыр самын

Атыр самын (катуу) 77—78% жогорку сапаттагы майдан алынган жана синтетикалык май кислоталардан туруп, ага жыттуу заттар, боёктор, атайын кошумчалар кошулуп жасалат. Атыр самын менен жуунганда терини кургатып дүүлүктүрөт, ошондуктан анын кээ бир түрүнө майлоочу заттар кошулат.

Майлуу самындар

Мындай самындарга «Косметическое», «Лесная сказка», «Элегия», «Зодиак», «Консул», жана башкалар кирет. «Детское», «Малышам», «Ну, погоди!» жана «Чебурашка» самындарына ланолинден башка терини дүүлүгүүдөн сактоочу бор кислотасы кошулат.

Дарылоочу самын

Катуу атыр самындын дарылоочу жана дезинфекциялык касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат. «Сульсеновое» самын менен себореяны дарылайт (врачтын көрсөтмөсү боюнча гана), «Дегтярное» составында кара май болгондуктан ар кандай тери ооруларын (себорея, экзема жана башкалар ) дарылоо үчүн, «Карболовое» карбол кислотасы болгондуктан дезинфекциялоочу жана жагымсыз жытты кетирүүчү каражат катары колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан (карагай, арча) алынган «Лесное» самын дарылык жана дезинфекциялоочу касиетке ээ.
Чачты жууш үчүн хна кошулган самын «Гаяне» чыгарылат.

Суюк атыр самын

Суюк атыр самынына күн караманын, кориандр, кокос майлары, жегич калий, суу, спирт, глицерин, жыпар жыттуу заттар кошулат. «Дегтярное» суюк самыны — самындын суу-спирт эритмеси жуулган жердеги кан айланууну жакшыртат жана мителерге каршы, антисептик каражат катары пайдаланылат.

Күкүм самын

Күкүм самын — сода (кир жууш үчүн) жана крахмал (сакал-мурутту алуу үчүн) кошулган самын.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8