Сезүү мүчөлөрү: нускалардын айырмасы

Википедия дан
No edit summary
(Айырма жок)

17 август 2012, саат 04:28 учурдагы нуска

Сезүү органдары

Сезүү органдары — сырткы таасирлерди кабыл алып, аны нерв импульсуна айландырып, борбордук нерв системасына жеткирүүчү түзүлүштөр.

Сезүү органдары тууралуу

Айлана-чөйрөнүн көптөгөн таасирлери тери, көрүү, угуу, тең салмактуулукту сактоо, жыт сезүү жана даам сезүү органдары аркылуу кабыл алынат. Сезүү органдарынын жардамы менен кабыл алынган күчү жана түрү боюнча ар кандай таасирлер мээге жеткирилип, айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнө жараша ылайыкталган жооп кайтарылып турат.
Териде жайгашкан нерв учтары бир нерсе тийгенде, басымды, ооруну жана температураны кабыл алат; тилдин былжыр челинде жайгашкан атайын сезүү аппараттары даам сезет. Айрым сезүү органдары ошондой айлана-чөйрөнүн таасирлерин алыстан кабыл алат. Мисалы, көрүү органы — жарык нурун, угуу органы — абанын термелүүсүн (үндү), ал эми тең салмактуулукту сактоо органы киши денесинин жана анын бөлүктөрүнүн абалынын өзгөрүшүн кабыл алат.

Жардамы

Сезүү органдары түзүлүшү, аткарган кызматы жана өсүп, өнүгүшү боюнча борбордук нерв системасы менен тыгыз байланыштуу. Сезүү органдары анализаторлордун четки бөлүгү болуп эсептелет. Сезүү органдарынын жардамы менен организм айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү жөнүндө информацияны кабыл алып, изилдеп, анализдеп, ал чөйрө боюнча реалдуу субъективдүү сезим пайда болот.

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8