Балдардын аралашма тамактары

Википедия дан

Балдардын аралашма тамактары — эмчектеги баланы аралаш жана жасалма тамактандырууда колдонуучу азыктар (к. Эмчектеги баланы тамактандыруу). Аралашма даярдоодо көп учурда уй сүтү, ар кандай акшак, жемиш, мөмө, жашылчалар, эт, куш эти, балык пайдаланылат. Баланы тамактандырууда сүт зор мааниге ээ. Ошондуктан сүт аралашмасы көп колдонулат. Эне сүтү менен уй сүтүнүн составы ар башка. Уй сүтүндө белок 2—2,5 эсе көп, углевод дээрлик 2 эсе аз, май бирдей өлчөмдө болот. Уй сүтүнүн белогунда — организмдин тиричилигине зарыл алмаштырылгыс аминокислоталар, майында каныкпаган май кислоталары азыраак.

Уй сүтүндө эне сүтүнө караганда минерал туздар көп, микроэлементтер менен витаминдер бир кыйла аз болгондуктан уй сүтү кыйындык менен сиңет. Ошондуктан микроэлемент, витамин, фермент, май кислотасы, углевод, аминокислотага бай сүт аралашмасын даярдоо талап кылынат. Демейде мындай аралашманы сүт ашканасы же тамак өнөр жайынын ишканасы даярдайт. Анын эң жөнөкөйүн үй шартында деле даярдаса болот. Жөнөкөй аралашманы уй сүтүн белгилүү пропорцияда суу (№ 1, № 2, № 3 аралашма) же акшактын 5—10%түү кайнатмасы (А, Б, В аралашмасы) менен жасайт. № 1 аралашманын 1 бөлүгү сүт жана 2 бөлүгү суудан, № 2 аралашманын 1 бөлүгү сүт жана 1 бөлүгү суудан, № 3 аралашманын 2 бөлүгү сүт жана 1 бөлүгү суудан турат. А — аралашмасынын 1 бөлүгү сүт, 2 бөлүгү акшак кайнатылган суу, Б — аралашмасынын 1 бөлүгү сүт, 1 бөлүгү акшак кайнатылган суу, В — аралашмасынын 2 бөлүгү сүт, 1 бөлүгү акшак кайнатылган суу болот. Суу, айрыкча акшак кайнатмасы кошулган сүт оңой сиңет.


Акшак кайнатмасы күрүч, сулу, кара күрүч (гречка) жана башка акшактардан жана ушул акшактардын унунан жасалат. Акшактар баланын жеке өзгөчөлүгүнө жараша тандалат. 10%түү күрүч кайнатмасы менен ичи өткөн балдарды, сулу кайнатмасы менен ичи каткан балдарды тамактандырат. Кара күрүчтө темир жана алмаштырылгыс аминокислота көп болгондуктан, анын кайнатмасын анемия болгон балдарга берүү максатка ылайык. Уй сүтүндө кант аз болгондуктан аралашма тамакка кант кошулат. Сүт аралашмасында кант 5%тен ашпоо керек. Кант баланын ичегисиндеги ачууну күчөтүп, тынчын алат.

Балдарды тамактандырууда уютулган сүт, айрыкча кефир кеңири колдонулат. Эгерде баланын ичи катса бир күндүк кефир, ичи өтсө үч күндүк кефир, нормада болсо эки күндүк кефир берилет. Балдарга ошондой эле ацидофилдүү уютулган сүттөр: ириген сүт, кымыз, майлуу айран, курут, биолакт жана башка берилет. Булар сиңимдүү келип, ичеги-карындын секрет чыгаруусун күчөтүп, анын жыйрылышын жакшыртат. Аларда оңой сиңүүчү белоктор көп. Жөнөкөй аралашма тамактарга салыштырганда уютулган сүт аралашмада А, Д жана В тобундагы витаминдер, ошондой эле ичеги микрофлорасында чириндинин пайда болушуна тоскоолдук кылуучу заттар көп болот. Ион алмаштыруучу чайыр аркылуу өткөрүп алынган уй сүтү — иониттүү сүттүн составы эне сүтүнүкүнө жакын. Уйдун сүтүнө салыштырганда иониттүү сүттө кальций азайып, калий жана натрий эквиваленти менен алмашат. Кальций жана фосфор катышы эне сүтүнүкүнө жакындайт. Иониттүү сүткө атайын кант кошуу менен балдардын ичеги флорасын нормалдаштырууга болот. Балдарды тамактандырууда эне сүтүнө жакындаштырылган сүт аралашмасын колдонуу өтө маанилүү. Биздин өлкөдө «Малютка», «Малыш» аттуу кургак сүт аралашмасы; ичеги микрофлорасын нормалдаштырууга түрткү берүүчү эригич белок, өсүмдүк майы, А, С, Д, Е жана В тобундагы витаминге бай «Виталакт» аралашмасы чыгарылат. Эркин аминокислота, фермент, витамин, микроэлементтерге бай «Биолакт» жана «Биолакт-2» өтө сиңимдүү. Тамак өнөр жай ишканалары чыгарган кургак аралашма чоң мааниге ээ. Себеби, мындай продукт көпкө сакталат жана андан ар кандай шартта, каалаган мезгилде балага жаңы тамак даярдоого болот. Ал ачылгандан кийин 2 жумага чейин гана сакталат.

Кургак сүт аралашмасы жакшы эрийт жана жакшы сиңет, бирок көпкө сактаганда витамини азаят. Өнөр жай мекемелери кургак сүт (майсыз жана майлуу), кургак кефир, лактобациллин (антибиотиктерге туруктуу, дисбактериоздо колдонулат), Б-күрүч, Б-кара күрүч, Б-сулу; В-күрүч, В-кара күрүч, В-сулу кошулган акшак кайнатмалуу аралашмаларды, кургак камкаймак, ар кандай кургак ботко жана башкаларды чыгарат. Балдарды тамактандырууда гомогенделген жашылча, жемиш, эт, куш эти, балыктан жасалган консерваланган аралашмалар кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8