Гидродинамика

Википедия дан

Гидродинамика (гидро... жана ди­намика ) — гидромеханиканын бир бө­лүгү; кысылбоочу суюктуктардын кыймылын жана катуу нерселер менен өз ара аракетин изилдейт.

Ылдамдыгы үндүкүнөн бир канча аз болгон газдын кыймылы да Гидродинамиканын методдору менен изилденет.

Гидродинамика илим катары 18-кылымдын орто ченинде түзүлгөн. Аны негиздөөчүлөр — Петербург ИАнын мүчөлөрү Л. Эйлер ж-a Д. Бернулли. Гидродинамиканын кээ бир маселелерин изилдөөдө суюктуктун жалпы касиети эсепке алынып, механиканын негизги закондору жана методдору колдонулат да, ал суюктук ээлеген көлөмдүн каалаган чекитиндеги ылдамдык, басым ж. б. чоңдуктар аныкталат. Дал ушунун өзү суюктук м-н катуу нерселердин өз ара аракеттенүү күчүн эсептөөге мүмкүндүк берет. Гидродинамика боюнча алганда, суюктуктун эн башкы касиети — анын агуучулугу жанаa туташтыгы. Суюктук кыймылга келгенде, аны менен идиштин каптал бетинин жанa суюк­туктун бөлүкчөлөрүнүн ортосунда да ички сүрүлүү күчү пайда болот.

Гидродинамикалык изилдөөдөгү эн негизги кыйынчылык — илээшкектикти так эсепке алуу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.