Император

Википедия дан

Император - (лат. imperator, impero өкүмдар) монарх даражасы. Алгач Байыркы Римде б. з. 1-кылымында Август жана анын мураскерлеринин тушунда император монарх титулу катары айтыла баштаган. Батыш Рим империясы кулагандан кийин Чыгышта Византияда сакталган.

Батышта 800-ж. Улуу Карл калыбына келтирген, кийин герман королу Оттон I кабыл алган. Кийинчерээк башка мамлекеттердин монархтары да император деп аталышкан (Россияда 1721-1918-ж., Австрияда 1804-1918-ж., Германияда 1871-1918, Кытайда 1911-ж. чейин, азыркы учурда Японияда ж. б.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]