Термосфера

Википедия дан
Атмосферанын катмарлары.

Термосфераатмосферанын мезосферадан жогорку катмары: ал 80 – 90 км бийиктиктен башталат. 200 – 300 км бийиктикке чейин температура улам жогорулап, 1500о Сге жетет да, андан кийин кыйла бийиктикке чейин өзгөрбөй бир калыпта болот. 80 кмден 500 кмге чейин термосферанын тыгыздыгы I,8•10-8г/см3ден 1,8•10-15 г/см3га чейин өзгөрөт. 120 кмге жакын деңгээлде газдар тарап бөлүнө баштайт.

200 – 300 км деңгээлде кычкылтектин өтө жеңил атому көптүк кылат. 500 кмден жогорулаганда андан да жеңил суутек менен гелийдин элементтеринин аралашмасы жолугат. Термосферанын атомдору менен молекулаларынын бир бөлүгү иондошкон абалда болуп, бир нече катмарга топтолот (к. Ионосфера). Термосфера Жердин жасалма жандоочусун токтотууга тоскоолдук кылат. Мындан башка Термосферанын абалы ионосферага көбүрөөк көзкаранды.

Кошумча макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов