Атайын кийим

Википедия дан

Атайын кийим - иш убагында, өндүрүш жайларда, айыл чарбасында кездешүүчү зыяндуу заттардан, кооптуу факторлордон адам денесин коргоого арналган кийимдер. Ал организмдин температурасын туруктуу бир деңгээлде кармап, зат алмашууну бузбай, ным, аба өткөрүп, химиялык заттарды, техникалык майларды, чаңды ж.б. зыяндуу заттарды өткөрбөөчү сапатка ээ болуш керек. Колдонулушуна жараша бир нече топко бөлүнөт: дене коргоочу костюмдар (пневмокостюм, суу өткөрбөөчү костюм, скафандр), дем алуу органдарын коргогучтар (противогаз, респиратор ж. б.), бут кийимдер, калкан, башты коргоочу (каска, оттон, газдан ж. б. сактоочу баш кийим). Радиоактивдүү жайларда иштегендерге комбинезон, костюм, анын үстүнөн халат, алжапкыч, радиациясы өтө жогору болсо жылчыксыз, ичине таза аба үйлөтүлүп туруучу атайын костюм берилет. Ар бир ишкана зыяндуу өзгөчөлүгүнө байланыштуу атайын кийим м-н камсыз болот. Алар өз алдынча мамлекеттик үлгүгө же техникалык көрсөтмөгө ээ. Ошонун негизинде атайын кийим коргоо белгиси - эмблемасы м-н айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1