Атайын педагогика

Википедия дан

Атайын педагогика - кем мүчөлүү балдарды окутуу ж-а тарбиялоо жөнүндөгү илим. Балдардын физиологиялык, психологиялык өнүгүшү, айлана-чөйрө ж-а чоңдор м-н болгон мамилеси тууралуу ата мекендик ж-а чет элдик ар тараптуу изилдөөлөргө негизделет. Атайын педагогика балдардын категорияларына карай сурдопедагогика дүлөй, дудук; тифлопедагогика сокур, олигофренопедагогика кем акыл; логопедия кекеч, келегей балдарды тарбиялоо сыяктуу бөлүктөрдөн турат. Жалпы алганда педагогиканын аталган түрлөрүнүн бардыгы биригип дефектология илимин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1