Атайын табият пайдалануу
Көрүнүш
Атайын табият пайдалануу –КРде табигый мүмкүнчүлүктөрдү, аларды айлана-чөйрөдөн ажыратып алуу (чыгарып алуу, жыйноо, терип алуу ж. б.) менен пайдалануунун баардык түрлөрү. А. т. п. пайдаланылуучу объекттердин түрлөрүнө жараша: жер пайдалануу; суу пайдалануу, жердин ички байлыктарын пайдалануу; токой пайдалануу; өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн пайдалануу; атмосферадагы абаны пайдалануу болуп бөлүнөт. Жаратылыш байлыктарын пайдалануунун тартиби жана шарттары КР ченемдик укуктук актыларында белгиленген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7