Атай, Тогуз-Торо району

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Атай (кыштак)Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Атай айыл өкмөтүнө караштуу. Атай суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1358 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 435 км. 1909-ж. отурукташкан. Айылдын аталышы «Курманбек» эпосундагы Атай аттуу кейипкердин эрдиги, анын сөөгүнүн ошол жерде коюлушуна байланыштуу. Калкы 1231 (2002); негизинен мал ж-а аары чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Калкы - 1 477 киши.[1]

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1


  1. Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область