Атаханов Шамиль Есенжанович

Википедия дан

Атаханов Шамиль Есенжанович коомдук ишмер Атаханов Шамиль

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шамиль Атаханов Ош облусунун Өзгөн шаарында 1948-жылдын 22-июлунда төрөлгөн. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтунун автоматика жана телемеханика факультетин аяктаган. 1986-жылы Москва шаарындагы ИИМ Академиясын укук таануу адистиги боюнча аяктаган. 1991-жылы Москва шаарындагы МГИМО Бизнес эл аралык мектебин аяктаган. Аскердик наамы – полковник. Илимий наамы – Бишкек финансы-экономикалык академиясынын профессору.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1971-1972-жылдары “Долбоормонтажавтоматика” МДИ казак бөлүмүнүн инженер-электриги болуп эмгектенген жана 1972-1973-ж.Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. [1973-1984]Кыргыз ССРинин комсомолдук жана партиялык кызматтарында иштеген.[1984-1986]СССР ИИМ Академиясында окуган. 1986-1987-жылы Кыргыз ССРинин Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн начальниги 1987-1988]Кыргызстандын Фрунзе ШК КП администрациялык жана соода-финансылык органдары бөлүмүнүн башчысы 1988-1991-ж. Фрунзе шаарынын ИИБнын начальнигинин орун басары, начальниктин милдетин аткаруучу болуп иштеген.1991-2005-ж “Интер-Бишкек” БИнин башкы директору болгон.2005-жылдын май айынан – 2005-жылдын августуна чейин Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри.2005-2010-ж “Интер-Бишкек” БИнин башкы директору.2010 20-декабрынан баштап Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматын аркалап келет.

булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атаханов Шамиль Есенжанович — биография

www.gov.kg